Гоген автопортрет Поль Гоген

Импрессионист сүрөтчү Поль Гогендин 1892-жылы Таитиде тартылган «Nafea Faa Ipoipo (“Үйлөнүү той качан болот?”) картинасы Катар музейине 300 миллион долларга сатылды. Аталган картина буга чейин швейцариялык коллекциячы Рудольфа Штехелиндин менчигинде болуп, Базелдеги Kunstmuseum музейинде сакталып турган. Сатыктан кийин картина Мадриддеги көргөзмөгө коюлат, андан соң Вашингтондо көрсөтүлөт. Жаңы ээлери картинаны 2016-жылдын январында гана колго алышат.

Буга чейин дүйнөдөгү эң кымбат картина катары Поль Сезанндын “Карта ойноочулар” картинасы эсептелип келген. Ал картинаны да 2012-жылы Катардын улуттук музейи 250 миллион долларга сатып алган.

Эжен Анри Поль Гоген француз сүрөтчүсү. Сезанн жана Ван Гог сыяктуу эле постимпрессионизм багытынын өкүлү. 1848-жылы Парижде туулуп, 1903-жылы Маркиз аралдарында 54 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. 7 жашына чейин Перуда таякелеринин колунда чоңойгон. Анткени,  энеси Алина Мария перулук атактуу Флора Тристан айымдын кызы болгон.

Поль Гогенге атак даңк ал өлгөндөн кийин келди. 1906-жылы Парижде анын кыл калеминен жаралган 227 эмгеги көргөзмөгө коюлган. Гогендин өмүр таржымалы Саморсет Моэмдин “Ай жана коко тыйын” аттуу романына негиз болгон. Гогендин урматына Меркурий планетасындагы кратерге ысымы берилген.

Атай Алтымышев