елка

Жаңы жыл босогосу жакындаганда борбор калаабыздын бардык  мекеме-ишканаларында, мектептерде, бала бакчаларда, соода түйүндөрүндө кызуу даярдыктар көрүлүп, кооздолгон балатылар коюлду. Жаңы жылдын шаңы – кары-жашын өзүнө тарткан балаты жана оюнчуктарда.

17-декабрда борбордук аянтка коюлган бийиктиги 22 метр балаты маалымат булактарында жана Ала-Тоо аянтында жүргөндөр арасында кызуу сын-пикирлерди жаратты. Эски жылдардан өзгөчөлөнүп, жаңы коюлган балатыга калың кагаздан жасалган тегерекчелер илингендей… Чындыгында тегерекчелер пластикалык “светодиоддук” гирлянддар экен. Балатынын биринчи күнү башка балатыларга салыштырмалуу абдан жупуну көрүндү.

Бишкек шаардык мэриясынын пресс-кызматынын маалыматтарына караганда, шаардык штабдын курамына кирген “Тазалык”, “Зеленстрой”, Бишкексвет ишканалары вице-мэрлер А.Рыскулованын, З.Малабековдун көзөмөлү алдында жаңы жылдык даярдыкты көрүп, эски жылдагыдай кооздолгон балаты кулап калбас үчүн абдан бекемдеп, жасалгалоону улантууда.

 Асел БАРЫКТАБАСОВА