Абдылдаев1

Кыргыз Республикасында мамлекеттик материалдык резерв мамлекеттик менчиктин өзгөчө кол тийгис, материалдык баалуулуктардын мамлекеттик запасы болуп саналат. Ушул тапта мамлекеттик материалдык резервдер фондун Шераалы Абдылдаев башкарат. Жыл узатаар маалда аталган фонддун төрагасы “Эркин Тоо” гезитинин окурмандарына аталган фонддун ишмердиги туурасында ой бөлүштү.

Абдылдаев Шералы Итибаевич Талас облусунун Манас районундагы Жийде айылында 1957-жылы туулган. 1990-жылы Фрунзе политехникалык институтунун инженер-механик адистигин аяктаган. Эмгек жолун 1975-жылы Киров автобазасында слесарь, диспетчер болуп баштаган. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келген соң, Военно-Антоновка автобазасында диспетчер, Кара-Балта шаарында “Чуйзапводстрой” трестинин автобазасында автослесарь, механик, ал эми 1981-1997-жылдары №6 Автотранспорттук ишканасында механик, инженер, автоколоннанын начальниги, директор болгон. 1997-1999-жылдары “Ак-Буура” Ассоциациясынын төрагасы. 1999-2001-жылдары Покровка айылында Манас райондук Жарандык коргонуу штабынын начальниги, 2001-жылы Манас райондук мамлекеттик администрациясынын орто жана кичи бизнести колдоо бөлүмүнүн башчысы болгон. 2001-2003-жылдар аралыгында “Жылдыз” акционердик коомунун коммерциялык ишмердүүлүгү боюнча директор, 2003-2005-жылдары Талас облустук депутаттар кеңешинин төрагасы, 2005-2006-жылдары Талас облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, 2006-2008-жылдары “Андаш Майнинг компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун аймактык өкүлү болуп иш алып барган. 2010-жылдын 6-апрелинде Талас шаарындагы оппозициянын митингинде Талас облусунун “элдик губернатору” болуп шайланган. 2010-жылдын 14-апрелинде Убактылуу Өкмөт дайындаган губернаторго кызматын өткөрүп берген. 2010-жылдын 26-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министринин милдетин аткаруучу, 2010-жылдын июлунан 2011-жылга чейин министри болуп дайындалган. 2012-жылдын 19-январынан 5-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары болгон. Ал эми 2012-жылдын 5-октябрынан баштап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусун жетектеп келет.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, аткаруучу жана контролдоочу функцияларды жүзөгө ашырууга, ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкарууга, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыздоого ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. СССР маалында дагы өз милдеттерин аткаруу менен иш жүрүп келген. Ал эми азыркы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду эгемендүүлүктү алгандан кийин түзүлгөн. Фонд бүгүн бири-бирине көз каранды эмес эки: мамлекеттик жана мобилизациялык булактарды камтыйт. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун максаты –мамлекеттик материалдык резерв тутумунун туруктуу иштешин камсыздоо болуп эсептелет.

Ал эми фонддун милдеттери: Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мобилизациялык пландарда белгиленген тапшырмалардын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө жана согуштук абалды киргизген, мобилизациялоо учурларындагы же согуш убагындагы мобилизациялык тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо, мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын коюу, топтоо, сактоо, жаңылоо жана чыгарууну уюштуруу, Мамлекеттик материалдык резервдин негизги фонддорун кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, мамлекеттик материалдык резервдер тутумун экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун негизги аткара турган функциясы – мамлекеттик мүлктөрдү максаттуу сактоо жана жумшоо.

Атайын каражаттар эсеби

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду өз алдынча баланста. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын каражаттары: мамлекеттик материалдык резервдеги иштелип чыккан ун жана башка азыктар, карызды төлөөнүн эсебинен түшкөн мүлк, мамлекеттик материалдык резервдин номенклатуралык эмес материалдык баалуулуктарын, ченемден жогорку материалдык баалуулуктарды сатуудан түшкөн каражаттардан түзүлөт. Ошондой эле мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан сатылбаган мүлктөрүн убактылуу пайдаланууга берүүдөн түшкөн, мамлекеттик материалдык резервден берилген, мамлекеттик материалдык резервдеги номенклатуралык товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алуу үчүн жиберилген материалдык баалуулуктар үчүн карызды төлөөнүн эсебинен алынган кирешелерден, мамлекеттик материалдык резервге коюлуучу материалдык баалуулуктарды сатуунун жана коюунун наркындагы айырмачылыктан да топтолот.

Кокустан өлкөдө өзгөчө кырдаалдар жаралып калса, пландык тапшырманын негизинде муктаждыктарга чара көрүлөт. Негизги аткара турган тапшырмабыз мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин материалдык баалуулуктарын башкаруу жана сактоо болуп саналат. Кыргыз Республикасында түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарда мобилизациялык муктаждыктарды жоюу – башкы милдетибиз. Бүгүн Матрезерв фонду мамлекеттен акча албайт, бюджеттик каржылоодо эмес жана товардык материалдык баалуулуктарды башкаруу, кармоо, толуктоо, кызмат көрсөтүү үчүн өздүк каражаттарын колдонот. Резервдин кампасындагы продукциялар алмаштырылып, толукталып турат. Маселен, эскирип кетпеши үчүн, ал продукцияны сатыкка коюп, кайра ордун толуктап, ортодо түшкөн акчаны фонддун керектөөсүнө жумшайбыз. Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун мамлекеттик материалдык резервди калыптоо жана сактоо менен байланышкан бардык ишмердүүлүгү мамлекеттик сырды жана жашыруун режимди сактоону камсыздоо боюнча талаптарга шайкеш жүргүзүлөт.

 Калкка камкордук

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде жыл ичинде  Азербайжан өлкөсүнөн  9088 тонна кумшекер сатылып алынган. Тамак-аш азыктарына болгон бааны турукташтыруу максатында сатуунун 3970,7 тоннасы өздүк наркында сатылган. 2014-жылдын январынан баштап Өзбекстан Республикасынан 56763 тонна минералдык жер семирткич алынган. Минералдык жер семирткич жазгы талаа жумуштарын уюштурууга фонддун материалдык техникалык ресурстарын камсыз кылууга натыйжалуу мүмкүнчүлүк түзгөн. Өткөн 2013-жылы Баткен районунун Чарбак, Божой, Кара-Шоро айылдарынын жашоочуларына 15,950 тонна, Ош облусунун Барак айылына 27,0 тонна, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң- Куш кыштагынын жашоочуларына 150,0 тонна, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Прохладное айылына 6,450 тонна ун берилген. Ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк буудай 1кг 15 сомдон 20000 (жыйырма миң) тонна сатып алуу тапшырылса, иш жүзүндө 2344,2 тонна сатып алынган.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА