малууру1

 ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Баткенде мал уурулук үчүн изделген УКТ мүчөсү кармалды.

ИИМ басма сөз кызматынын билдиришинче, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 26 жаштагы Нурбек Сыдыков аттуу жаран бүгүн, 20-ноябрда таңкы саат 5:00те кармалды.

Милициядан түшүндүрүшкөндөй, 2014-жылдын 23-октябрында Баткен облустук соту тарабынан Н.Сыдыков, ээн баштыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок соттун чечиминен кийин бир нече күндөн кийин Н.Сыдыков, курамына 19 жаштагы М.А., 16 жаштагы М. уулу А., 29 жаштагы Ю. уулу Б. кирген кылмыштуу топ түзгөн. Бул топ 8-ноябрда Баткендин жашоочусунун короосуна кирип 40 миң сомдук малын уурдап кетишкен. Уурдалган малды «Хюндай Портер» унаасына жүктөшүп, Тажикстандын Исфара районунун Сурх айылына алып барышкан. Бирок аны мал базарда сатуу учурунда кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Баткен ШИИБ кызматкерлери тарабынан кармалышып, Нурбек Сыдыков жашырынып кетүүгө үлгүргөн.

Азыркы учурда аталган кылмыш иш боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылып жатат.