бөдөнө перепелка1

Өлкөдө бөдөнө баккандар арбый баштады. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери АБДЫЖАПАРОВА Нурбүбү Маатмусаевна бөдөнө багуу, анын жумурткасынын дарылык касиетинен кеп салды.

– Кандайча болуп бөдөнө багып калдыңыз?

– Экологиялык маселелер боюнча мага жеке ишкер Нурлан Сыдыков кайрылып калды. Үй шартында бөдөнө багат экен. Кыргыз элинин тарыхына кайрылсак, хандар, бектер бөдөнөнүн этин жеп, жумурткасын 17 күнгө чейинкисин дары үчүн чийки ичип, 17 күндөн 60 күнгө чейинкисин тамак катары бышырып жешчү экен. Нурлан  Сыдыковдун бөдөнөканасына барып практикалык иштерди  жүргүздүк. Адам баласына эң керектүү витаминдерге бай, дарылык касиети менен бөтөнчө болгон бөдөнөнүн жумурткасы экен. Анан мен да Бишкек шаарында бөдөнө бага баштадым. Атайын ветеринардык лабораториядан сертификат даярдаш үчүн лабораториялык анализден өткөрдүк. Келечекте Тогуз-Торо районундагы Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагына атайын фабрикасын курууну максат кылып жүрөм.

– Кандай дарылык касиети бар экен?

– Биринчиден, адамга дарман берсе, экинчиден, каны аздарга, кант диабетинен азап чеккендер, кан басымы жогоруларга нормалдаштыруу касиетине ээ экен. Жада калса, жумуртканын сырткы кабыгы чылгый, тагыраак, 97,7% кальций экендигине таң калдык. Кыргыздар  илгертен эле төрөлгөн балдарды аң-сезимдүү, акыл-эстүү, ден соолугу чың, толук кандуу адам болсун деп бөдөнөнүн жумурткасын берип, каны аз төрөлгөн наристелерди  бөдөнөнүн парынан жаздык жасап, бешикке олпокко да пайдаланып келишкен.

Биз 17 күнгө чейинки бөдөнөнүн жумурткасын дарылыкка чийки ичип, ал эми 17 күндөн кийинки жумурткаларды тамак-аш катары бышырып жеп жатабыз. Бөдөнөнү бакканга  «Кыргыз кормдон» алган жемибиз кымбат болгондуктан, 17 күнгө чейинки жумурткаларды бир даанасын 10 сомдон, ал эми 17 күндөн ашкан мөөнөтү эскиргенине байланыштуу, тамак-аш катары пайдаланууга бир даана жумуртка 5 сомдон сатылат. Себеби, 17 күндөн кийинки бөдөнөнүн жумурткасын бөдөнөгө бастырууга болбойт, себеби, жумуртка эскиргендигине байланыштуу бөдөнөнүн балапаны чыкпайт. Ошондуктан, 17 күндөн кийинки бөдөнөнүн жумурткасын чийки ичүүгө жарабайт, дарылык касиетин жоготуп коет. 18 күндөн 60 күнгө чейинкиси 5 сомдон, ал тамак-аш үчүн  пайдалуу. Тооктун жумурткасынан 4,5 эсе  кубаттуу, тактап айтканда, тооктун бир жумурткасы 100 гр. этке барабар болсо, бөдөнөнүн жумурткасы 450 грамм этке барабар. Жылкынын денеси 40 градус энергия чыгарса, бөдөнөнүн денесинен 42 градус энергия чыгарын Германия, Япония, Кытай окумуштуулары аныкташкан.

– Нурбүбү Маатмусаевна, дүйнөнүн башка элдери кандай пайдаланат экен?

– Кыргыздар кылымдар бою талаадан кармап, бөдөнөнүн жумурткасын жешкен, ал кезде  жапайы канаттуу болгондуктан, табигый чөптөр менен азыктанышкан. Бүгүнкү күндө үй канаттуусу кылып баккан бөдөнөлөрдүн да эти сапаттуу, жумурткасы калориялуу болуп, лабораториянын анализдер чыгып жатат, ал эми  табигый чөптөр менен азыктанган бөдөнөнүн эти  мындан да сапаттуу, даамдуу болсо керек.

Япония 1945-жылы Хиросима жана Нагасаки шаарларына бомба түшкөндөн кийин Кытайда багылган бөдөнөлөрдү сатып келип, радиациядан ууланган элди сактап калуу үчүн врачтардын рецеби менен күнүгө 2 даанадан чийки ичиришкен экен. Ушул күнгө чейин мамлекеттик деңгээлде мыйзамдар иштелип чыгып, ар бир наристе жогорку аң-сезимдүү өсүш үчүн күндө 2 даанадан чийки жумуртка ичиришет. Себеби, организмдеги уу заттарды бөдөнөнүн жумурткасынан башка эч нерсе тез чыгара албайт. Ал канды тазалап, жүрөк-кан тамырларын жакшыртаары Япониядан изилденген.

Карбалас БАКИРОВ