кОктябрь райсоту «Ысык-Көл» Инвестбанк ААКтын мурдагы мүчөсү, ЖКнын экс-депутатынын эжеси Р.Жапарованы 7 жылга эркинен ажыратты

 Октябрь райондук соту ушул жылдын 22-октябрында, Асанкулов Батырланбек Советбековичти, Жапарова Райкүл Нуркожоевнаны, Толкачев Сергей Сергеевичти, Зайцев Вячеслав Владимировичти алдамчылыкка, коррупцияга жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу, «Ысык-Көл» Инвестбанк ААК россиялык эмитенттердин векселдерин сатып алуу боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу 28-октябрда Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Бакачиев маалымдады.

Сот Б.Асанкуловду, В.Зайцевди, С.Толкачевду КР Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде 3 жылга сыноочулук шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Р.Жапарова күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды.

А.Бакачиевдин айтымында, ал акыркы сөзгө катышкан, тараптардын жарыш сөзүнө чейин жашынып жүргөн.

Буга катар эле бул иш боюнча жоопкерчиликке Максим Бакиев, Михаил Надель, Алексей Елисеевдер да тартылышкан.

Биринчи май райондук соту 2013-жылдын февралында Б.С.Асанкулов, Р.Н.Жапарова, С.С.Толкачев, В.В.Зайцевдер «Ысык-Көл» Инвестбанк ААК директорлор кеңешинин мүчөлөрү болгондугун, алар алдамчылыкка, коррупцияга жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу, «Ысык-Көл» Инвестбанк ААК россиялык эмитенттердин векселдерин сатып алуу боюнча күнөөлүү деп маалымдаган.

Аталган кылмыш иш коргоонун жеке доосуна байланыштуу 2013-жылдын 10-январында Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Маалымат:

КР азыркы мыйзамына жана КР Улутутк банкынын нормативдик акттарына ылайык, ошондой эле «Ысык-Көл» Инвестбанк ААК кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголгондуктан КРУБ башкармалыгы тарабынан Инвестбанк ААК жетекчилигин убактылуу токтотуу жана 2010-жылдын 27-декабрынан тарта консервация режимин киргизүү чечими кабыл алынган.