УСИИ: Бажы биримдигине киргенден кийин баалардын ар багыттагы өзгөрүү динамикасы байкалат
Бажы биримдигине киргенден кийин баалардын ар багыттагы өзгөрүү динамикасы байкалат. Бул тууралуу Tazabek басылмасына Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Талант Султанов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга Бажы биримдигинин мамлекеттеринен импорттолгон товарлардын баасы төмөндөшү керек. «Мисалы биз Россия менен Казакстандан ун, буудай, май, күйүүчү-майлоочу материалдар, нефтепродуктуларды импорттойбуз. Бул өңүттө бизге бир топ жеңил болот. Биз канча жолу Казакстан менен чек арада токтоп турган товарлар жүктөлгөн вагондордун көйгөйлөрүн көрдүк. Товарларды өткөрүү сөзсүз жеңилдейт»,- деди Султанов.
Бирок Султанов башка өлкөлөрдөн импорттолгон товарлардын баасы көтөрүлөт деп эсептейт. «Биринчи кезекте бул бажылык тарифтердин жогорулашынан улам болот. КР Экономика министрлигинин баасы боюнча, кээ бир позициялар боюнча баалардын өсүшү 20%га чейин жетиши мүмкүн»,- деп кошумчалады УСИИ жетекчиси.
Султановдун белгилешинче, башка тараптан КР өндүрүшчүлөрү үчүн пайдалар бар. Өзгөчө айыл-чарба өндүрүшчүлөрү үчүн. «Биздин фермерлер Бажы биримдигине кирүүдөн утушат. Себеби айыл-чарба продукцияларын, кургатылган мөмө-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын экспорттоо активдүү боло баштайт жана бул продукциялар жогору баада сатылат. Биздин товарларды сертификация деңгээлине, Бажы биримдигинин талаптарынын деңгээлине чейин жеткиришибиз керек. Алар иштеп жаткан стандарттарга жооп бериши зарыл»,- деди жетекчи.

Комментарий кошуу