чолпон

 Бүгүн, 5-декабрда «Республика» фракциясынын отурумунда депутат Чолпон Султанбекова, спорт, саясаттан алыс болушу керектигин айтты. Анын айтымында, өкмөттүн жана парламенттеги көпчүлүк коалициянын туруксуздугу спортко түздөн-түз таасир берет.

«Бизде көпчүлүк коалиция бузулаар менен дароо маселе чечүү башталат: кимди кайда, кайсы министрлик кызматка коюш керек? Мындан спорт дагы зыян тартат. Спорт саясаттан алыс болушу керек. Эгер Мамагенттикке бир жетекчи коюлса, анда ал баардык олимпиадалык циклда иштеши керек. Андан кийин биз ал кандай иштерди бүтүргөндүгүн билишибиз жана баа беришибиз үчүн, аткарган иштери тууралуу отчет бериши шарт»,- деди ал.