Назарбаев Нур

Россияга карата Батыштын тышкы иштер министрлери тарабынан  жаңы санкцияларды киргизүү демилгеленип , ал эми АКШ  Президенти  кескин талаптарды коюп жаткан шартта  Казакстан Президенти Россия бул абалдан татыктуу чыга аларына ишенимин билдирди.

Россия бул абалдан татыктуу чыгат жана өсүп-өнүгөт, а биз аны менен биргебиз,-деп билдирди 11-февралда  Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Казак өкмөтүнүн кеңейтилген отурумунда.  Бул варвардык  санкциялык иштер эч кимге пайда алып келбейт.  Мындан Европа  25 млрд. доллар, Россия 41 млрд. доллар жоготот,-дейт Казакстан Президенти.    CA-NEWSтун жазганына караганда  Казак Президентинин пикиринде  абал 2-3-кварталда  турукташат.

Б.СУЛТАНБЕКОВА