парламент1

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” мыйзамдарга)1-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири депутат Р.Акназарова баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңеш депутаттары Р.Акназарова, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев.

 Мыйзам долбоору менен киргизилүүчү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө жөнүндө жалпыланган маалыматты жарыялоо милдети бийлик органдарынын ишиндеги көбүрөөк ачыктыкты жана бүдөмүксүздүктү билдирип, маалыматтын жалпыга жеткиликтүүлүгүнүн жана ачыктыгынын принциптеринин кыйла жогорку натыйжалуулугун билдирет.

Суроо-талаптарга жана кайрылууларга көңүл буруунун узактыгы кайрылуулардын ар кандай учурлары үчүн так дифференцияланган, бардык учурларда, аны ал тигил же бул себептер боюнча алууну каалаган жарандын маалымат алуусунун мөөнөттөрүн кыскартуу жүрөт.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен органдардын сайттарына ченемдин жоболорун өзгөртүүгө сунуш кылынган тизмек камтылган маалыматты жайгаштыруу милдети менен толуктоо каралган.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров жарандардын мамлекеттик жана муниципиалдык органдардан кайрылууларына жооп алуусунда тез жооп алуу маанилүүбү же сапаттуу жооп алуубу деген суроону коюп, мыйзам долбоорун каршылыгын билдирди.

Бир катар талкуудан кийин сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жолдонду деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.