көрктөндүрүү1

11-январда Жалал-Абад шаарындагы №9-мектептин залында  Спутник кичи шаарчасынын тургундары, кондоминиумум, кварталдык комитеттердин  төрагалар, мектеп мугалимдери менен шаар мэри С.Авазов жолугушуу өткөрдү.

Жолугушунун жүрүшүндө шаардын тазалыгы,  көрктөндүрүү жана жашылдандыруу   боюнча түзүлгөн эрежелер тууралуу кеңири маалымат берип түшүндүрдү. Ошондой эле былтыркы жылга караганда, быйыл курулуш иштери үч эсеге көп аткарылаарын белгилеп өттү. Көрктөндүрүү боюнча талапка жооп бербей турган мекеме-ишканаларга оңдоп түзөөлөр жүргүзүлөт. Шаардын аймагында архитектуралык талапка жооп бербеген жеке менчик жана  кызыл сызыкка өтүп калган курулуштар мыйзам чегинде  бузулат. Мындан сырткары, шаардагы эс алуу жайларын да оңдоп түзөөнү быйылкы жылы бюджетке бекитип жатабыз. Мындан кийин ар бир мекеме-ишкана көп кабаттуу үйлөр, жеке менчик турак жайлар өздөрүнүн айланаларын тазалап иретке келтирип көрктөндүрөт , – деп билдирди С. Авазов.

Мейманбү АКЖОЛОВА