OLYMPUS DIGITAL CAMERA

  Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Надыр Бийсеев айылдашын ушул январь айында 10 метр аралыктан аткан. Жыйынтыгында октон жарадар болгон жаран ооруканадан каза болгон.

Бул тууралуу маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, полковник Орозобек Молдосариев билдирди.

-Каза болгон адам мурда сот жообуна тартылгандыгы анык болду. Ал айыл өкмөт башчысына келип таксинин 5 миң сом акчасын төлөтүүнү талап кылган. Андан башка да кысымдарды көрсөткөн. Акыры айыл өкмөт үйүнөн ТОЗ-8 мылтыгын алып чыгып аны аткан. Ал: -Айылга тынчтык бербеген бул адамга мындай мамиле кылбасам, акыры мени да өлүмгө дуушар кылмак. Аргам түгөндө ушундай кадамга бардым,-деп билдирүүдө. Кандай болгон күндө да бул окуя мыйзам бузуучулук болуп саналат. Учурда айыл өкмөт башчысы камакта. Негизи акыркы сөздү сот айтат,-деди О.Молдосариев мырза.

Аталган Таш-Дөбө айыл аймагы облустук алкакта өткөрүлгөн «Мыкты айыл өкмөт-2014» сынагында айыл аймактар арасында биринчи орунду ээлеп, 100 миң акчалай сыйлык менен сыйланган.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу