Кылмыш хроникасы
Документсиз алтындар
12-ноябрда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы пландалган иш-чарага ылайык коммерциялык товарларды текшерүү учурунда Түркиядан келген алтындар бажы текшерүүсүнөн өтпөй жана декларацияланбай келгендиги үчүн кармалды. Бул контрабандалык жүктүн баасы 2 млн. 366 миң сомду түздү. Бул боюнча кылмыш иши ачылды.
Сирияда балээ барбы?
Кыргызстандын жарандары болгон үч адам Сирия согушуна барып катышкандыгы жөнүндө Орусиянын 1-каналы көрсөткөндүгүн шилтеме берүү менен “Дело №” газетасы жазып чыкты. Алар интернеттен ислам мамлекетин түзүү үчүн дүйнө жүзүнөн мусулмандарды чакырып жаткан кабарды угуп, жөнөп кетишкенин айтышкан. Эми Сирияда бул Кыргызстандын жарандарына өлүм жазасы колдонулат, -деп жазат газета.
Акча жетпегенденби же абийир кеткенденби?
13-ноябрда Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан “Кыргыз почтасынын” № 33 байланыш бөлүмүнүн почтальону Б.М. тарабынан акча кымырып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Пенсионер Борминцева тарабынан жазылган арыз боюнча текшерүү жүргөндө ушул жылдын январь айынан октябрь айына чейин төлөнүүчү 235 миң сом пенсияны почта кызматкери өзүмдүк кылып алгандыгы аныкталды.
Алыстан айтылган ажал
Американын Чикаго шаарында пицца ташып иштеп жатканына 2 гана жума болгон Кыргызстандын жараны Абыл Исабеков канкорлордун колунан каза тапты. Ал өз ишин аткарып жүргөн маалда эки адам басып келип андан акча талап кылган. 31 жаштагы Абыл алардан качып баратканда бирөөсү аны башка аткан. Кылмышкерлер изин жашырып кетишкен. Азыр Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин кызматкери Чикагодо жүрөт.
Сымбат Максутова


Комментарий кошуу