Жумушсузга иш табышат
КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Талас райондук жана Талас шаардык бөлүмү үстүбүздөгү жылдын өткөн айларында жумуш сурап кайрылган 728 адамдын 600дөн ашыгын акы төлөнүүчү коомдук иштерге тартууга жетишкен. Бул максатта 32 долбоор ишке ашырылган. Алар негизинен мектептердеги, балдар бакчаларындагы, окуу жайлардагы, маданият мекемелериндеги оңдоп түзөө, жасалгалоо жумуштарынан турат.
Мындан тышкары аталган бөлүмдө жумушсуздарга чакан кредиттерди берүү жана аны туура пайдалануу үчүн стипендия төлөп, кесипке окутуу жүргүзүлөт. Бул максатта Талас районунан 87, Талас шаарынан 67 адам кесиптик окутуудан өтүшкөн.
Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу


Комментарий кошуу