бала12

Бүгүн Өкмөттө премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилиги алдында балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга министрлер, журналисттер катышты.

“Кыргызстанда балдарга көңүл бурулбагандан улам кайдыгерликтен жапа чеккен он миңдеген окуялар кайталанып жатат. Ал чоңоюп олтуруп айсбергге айланды. Булардын көбү туугандар арасында болуп, элге билингенден кийин кылыктарын жашырып жатышат. Мисалдарды айтсак, 1,5 жашар кызды таежеси сабап, ал 1 жылдан бери комада жатат, 3 жашар кызды атасы зордуктаган, 3 жашар кыз 16 жолу бычак жеген, акыркы эле 2 жашар бала аеосуз сабалып, зордукталганга да шектелип жатат. Азыркыга чейин бала мээ комасынан чыга элек. Биз бүгүн мамлекеттик органдар эмне кылышы керектиги жөнүндө сүйлөшөлү деп жыйналдык. Мен ИИМ министри Мелис Турганбаевдин дароо бул ишти көзөмөлгө алганына кубандым. Президент айтканга чейин унчукпай отурган башка министрлерге таң калам. Врачтар мындай иштер чыкса милицияларга тез арада кабарланып, зордукчулар катуу жазаланышы кажет. Социалдык кызматкерлерде жакыр же мигрант болуп кеткен үй-бүлөлөрдүн маалыматтарын анализ-мониторинг кылып чыгарыш керек. 3-4 күндүн ичинде бардык мектептин директорлору тобокел үй-бүлөдө жашап жаткан балдардын тизмесин жөнөтүшү зарыл. Соцкызматкерлер мугалимдер менен чогуу иштешсин. Пресса да коомчулукка мындай окуяларды жана ага каршы иштелип жаткан чараларды көбүрөөк жазышсын. Коомчулуксуз биз эч нерсе кыла албайбыз. Коркунучка кабылган балдардын 90%ы жетишпеген үй-бүлөлөрдөн чыгууда. Мигранттар өзүнчө бир тобокел топ. Балдарын таштап, мигрант болуп кетип жаткан үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзгүлө. Мектептерде балдардын укугун айтуу болбой жатат. Чет өлкөлөрдө ар бир бала жардам сураш үчүн үч номурду терээрин билет. Биз Социалдык өнүктүрүү министрлигине атайын номерди, нормативдик базасын берип, борбор ачкыла дегенибиз менен жыйынтыгы чыккан жок. Балдарга кол салган кылмышкерлердин маалыматын топтоп, аларга катуу чара көрүлбөсө болбойт. Мектептерде шашылыш же коркунуч учурларда окуучу эмне кылып, кайда кайрылуусу керектиги жөнүндө сабактар өтүлүшү шарт. Өкмөт да, Жогорку Кеңеш да балдардын корголушу жөнүндө токтомдорду чыгарган, бирок аткарылышы болбой жатат. Министрлер токтомдордун аткарылышы колго алып, иш-чаралардын планын иштеп чыккыла. Балдарды коргоо жана туура тарбия берүү боюнча ТВларга социалдык роликтерди чыгарып, бардык прессада маалыматты күчөтүү зарыл. Наристелерди сабоо, кордоо өлкө үчүн уят. Болуп өткөн окуялардын аягы кандай болоорун эл күтүп жатат. Эгер кимде-ким кошуналарынын балдары кордолуп жатканын көрсө, дароо айтууга элди көндүрүү керек”, – деди премьер-министр.

Жыйын бүткөндөн кийин айрым министрлерге кайрылып, жоопторун уктук.

Мелис Турганбаев, ИИМ министри:

-Азыр 2 жашар бала жашаган үйдүн ичин тинтип, кыздарын да суракка алып жатабыз. Кыздарынын улуусу 16, кичүүсү 5 жашта. Кечээ шектүү адамдын аялын да камадык, анткени бала ошол аялдын колунда болгон. Мындай мисалдар тилекке каршы абдан көп. Мигранттар балдарын туугандарына таштап кетип жатышат. Буга чейин запкы жеген 2-3 баланы билип, ата-энесин чакыртып, колуна салып бергенбиз. Азыр 2 бала Бишкекте жалгыз жашайт. Алардын атасы жок, апасы Россияда иштеп, акча салып турат. Алар үчүн бир инспектор бөлүп бергенбиз, дайыма аларды көзөмөлдөп турат. Балдардын зомбулугу көбөйүп кеткендиктен жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун санын көбөйтүп жатабыз. Октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин кошумча 120 инспекторго көбөйттүк. 2014-жылы мурдагы жылга салыштырганда балдарга болгон кылмыштуулукту 13%га түшүрдүк, бирок ата-эненин кайдыгерлиги токтобой жатат. Кээ бир ата-энелер 2-3 күнгө кеткенде балдарын түнкү клубдарга акчасын төлөп таштап кеткен фактылар бар. Эми ата-энелер менен иштешүүнү тыгыз колго алабыз.

Кудайберген Базарбаев, Социалдык өнүктүрүү министрлиги:

-Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, алардын балдары бүт учетко алынат. Бирок биз ар бир үйдүн артынан түшпөйбүз да. 2 жашар баланы сабады деген атанын үй-бүлөсү жакшы эле жашайт, 5 кызы бар. Эми алардын ички ишине биз кантип кийлигишебиз? Адамдар сыртынан жакшы көрүнүп тура берет, ичинен эмне болуп жатканын оңой менен билбейсиң. Бул эми оору. Баланын өз атасы болсо кудайга ишенген киши, агасына ишенип баласын таштап кеткен. Ишенимди тебелеген анын агасы. Азыр коом өзгөрүлдү, аң сезимди аңтара турган окуялар болуп кетүүдө. Биздин министрликте 17-66 деген кыска номерлүү ишеним телефон иштейт.

Талантбек Батыралиев, КР Саламаттыкты сактоо министри:

-Ата-энелердин балдарга кыйноолору боюнча 2009-жылдан бери иш-чаралар жүрүп келет. ИИМ тарабынан даярдалган 41-42 деген форма кабыл алынган, ал боюнча атайын токтом дагы чыккан. 2009-жылы 747 окуя болсо, 2013-жылы 1062ге өскөн. Балдарды кыйноо боюнча кайрылууларда ушул 41-форма толтурулат, эгер толтурулбаса кызматкерлер өз жазасын алат. Бирок, мындай кыйноолор сотко жетпей жатат. Бул ишти натыйжалуу кылуу үчүн коом жардамга келиш керек. 2 жашар бала ылайым айыгып кетсе экен, бирок туугандары арыз жазбай, шектүү адамды сотко жеткирбей, жыйынтык чыкпай калабы, – деген кооптонуум бар.

Сымбат МАКСУТОВА