Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары А.Сасыкбаева Уэльс канзаадасынын кеңешчиси П.Холден менен жолугушту
Жогорку Кеңештин Басма сөзкызматы билдиргендей Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 5-ноябрда Уэльс канзаадасынын кеңешчиси Патрик Холден менен жолугушту.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева, Органикалык айыл чарбасы үчүн кыймыл эл аралык федерациясынын директорунун орун басары Томас Сиерпко, «Био-KG» фондунун президенти Искендербек Айдаралиев, Бутан Королдугунун Органикалык айыл чарба департаментинин өкүлү Немгай Уанчук катышышты.
Вице-спикер Кыргызстан үчүн Улуу Британия менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн мааниси чоң экенин билдирди. Парламенттер аралык кызматташууга токтолгон А.Сасыкбаева Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Улуу Британия парламентинин тажрыйбалары менен алмашууга кызыкдар экенин айтып, «Кыргыз Республикасы башынан өткөргөн эки президенттик башкаруу системасынан кийин бүгүнкүкүндөбиздин өлкөүчүн парламенттик демократия алгылыктуу экени талашсыз факт»,- деп кошумчалады вице-спикер. Ал УлууБританиянын парламенттик система куруудагы мол тажрыйбасына байланыштуу эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташуусундагы чоңпотенциалын белгиледи.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндөайыл чарба жаатындагы кызматташуу маселелери да талкууга алынды.
Андан сырткары, Уэльс канзаадасынын кеңешчиси Кыргызстандагы экологиялык жактан таза өнүмдөрдүсактоо зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, бир катар өлкөлөрдөгүхимиялык кошулмаларды жана компоненттерди пайдалануу менен азык-түлүктөрдүн өндүрүлүшүкалктын сапаттуу тамактануусун төмөндөтөт. «Кыргызстандын айыл чарбасындагы экологиялык жактан таза болгон өнүмдөрдүөндүрүүбоюнча уникалдуу салт сакталып калышы керек жана аны көбөйтүү зарыл»,- дейт ал.
Депутат Эркингүл Иманкожоева «Кыргыз Республикасына курамында гендик-модификацияланган организмдер бар продукцияларды өстүрүүгө, өндүрүүгө, алып келүүгөжана сатууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу, Кыргызстанда атайлаштырылган лаборатория ачуу зарыл жана мындай лабораториялар Кыргызстандын экологиялык жактан таза продукцияларын экспорттоо үчүн абдан керек экенин айтты.
«Экологиялык жактан таза болгон өнүмдөрдүсактап калуу жана аны көбөйтүүмаселеси айрым бир өлкөлөр үчүн гана эмес, дүйнөлүк коомчулук үчүн да өтө зарыл»,- деп сөзүн жыйынтыктады А.Сасыкбаева.


Комментарий кошуу