Жер планетасындагы эң таза шаар
Сингапур шаары жер планетасындагы эң таза шаар деп эсептелет. Калкында тыкандык маданият катарына кирген. Илгертен эле сингапурлуктарда урнадан сырткары ыргыткан таштанды үчүн тартип кызматчылары ордунда эле атып салышчу. Бүгүнкү күндө бул жаза жеңилдетилип, айып өлчөмү 1000 долларга түшкөн, бирок мындай мыйзамга карабастан бул өлкө бүткүл жер шарынан туристтердин көңүлүн бурдурат. Сингапур- бул ылдам магистралдары, бетон жана айнектен болгон имараттары менен заманбап шаар. Бул өлкөнү сыймыктануу менен Азиянын миниатюрасы деп айтса болот. Анткени ушул жерде ынтымактуу илгерки 3 ири маданият жашап келет- малайдык, индиялык жана кытай.
Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА


Комментарий кошуу