жалалабад шаары

Жалал-Абад шаарынын аймагында 2015-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалыгын жакшыртуу боюнча 3 айлык жарыяланды.  Ошондой эле 3 айлыкты уюшкандыкта өткөрүү үчүн шаардык штабдын курамы бекитилди.

Шаардык аймактык башкарууларына, мекеме, уюмдардын жетекчилерине:

– жарыяланган 3 айлыкты өткөрүүдөгү иш-чаралардын аткарылышын камсыздоо;

– калктуу конуштардагы эл эс алуучу жайларга, сейил бактарына, аллеяларга, унаа жолдордун, көчөлөрдүн четине, административдик имараттардын айланасына дарактарды, гүлдөрдү, көчөттөрдү отургузуу, айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу иштерин уюштуруу жана бул иштерге жалпы калкты тартуу;

– жолдорду, тротуарларды оңдоп-түзөө, жолдордун четиндеги объектилерди, турак-жайларды архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жолдорго, көчөлөргө түнкүсүн жарык берүүчү лампаларды орнотуу, бак-дарактарды актоо, арыктарды,сел каналдарын тазалоо, жээк бекемдөө иштерин жүргүзүү;

– жер көчкүсү коркунучу бар жерлерге, жер кыртышын сактоочу жана тез өсүүчү дарак, бадалдардын көчөттөрүн отургузуу;

– өз аймактарында 3 айлыктын алкагында отургузулган көчөттөрдүн көктөшүнө ыңгайлуу шарттарды жаратуу жана өз убагында сугарып туруу;

– буйруктун аткарылышы жөнүндө маалыматты ар жуманын ишемби күнү саат 12:00дөн кечиктирбей Жалал-Абад шаардык мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнө берилишин камсыздоо милдеттендирилди,- деп билдирди шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Барчынбек Жантөрөев.

Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу