Жалал-Абад шаарында унаа тыгындары жоюлуп, такси токтоочу жайлар иретке келтирилди
Унаа тыгындары жоюлуп, такси стоянкалар жылдырылып иретке келтирилген Ленин көчөсүндө, бүгүн, шаар тургундары, ишкерлер жана мекеме ишканалардын жетекчилери менен шаар мэринин жолугушуусу болду. Жолугушуу учурунда иретке келтирилген көчөнүн тазалыгына, кеңдигине кубанган тургундар шаар мэрине ыраазычылыктарын билдиришти.
“Ленин көчөсүнүндөгү такси токтоочу жайлар жылдырылды, шаар тургундарына, жүргүнчүлөргө жакшы шарт түзүп берүүдөбүз. Айрым ишкерлер өз кызыкчылыктарын ойлошуп, шаар келечегин ойлобой каршы пикирлерди айтышууда,” –деп билдирди шаар мэри С.Авазов. Дагы үч күндүн ичинде Чехов көчөсү да иретке келтирилип, тургундардын жүрүүсүнө дагы ыңгайлуу шарттар түзүлөт деп белгилеп өттү.
“Бүгүн шаардын тазалыгын, көчөнүн кеңдигин көрүп сүйүнуп жатабыз. Калыстык сөзүбүздү айтып, шаарыбыздын өнүгүшүнө каршылык кылбай биргеликте аракет кылалы, шаар мэрин колдойлу, бирге аракеттенели,” – дейт шаар тургуну Назаралиева Бегайым.
“Жалал-Абад шаарынын жаштары, биз шаардын бүгүнкү көрүнүшүн көрүп кубанып олтурабыз, шаар үчүн, тургундар үчүн ыңгайлуулукту түзүп берип жаткан шаар мэрин колдоп, биз, жаштар шаар келечеги үчүн биргеликте аракеттерди жасап, иштешебиз,”-деп билдиришти алар.
Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу



Комментарий кошуу