Жалал-Абад областында бир жашка чейинки наристелердин өлүмү көбөйүп кетти
Бүгүн, 5-февралда Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы өкүлчүлүгүндө облустук саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарган кеңешмеси болуп өттү деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы. Кеңешме жыйындын ишине КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин координациялоо жана реформа жүргүзүү башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаилов, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Анаркулов катышты.
Өткөн 2014-жыл ичинде Жалал-Абад облустунда калктын саламаттыгын сактоо тармагындагы аткарылган иштер боюнча облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, саламаттыкты сактоо министрлигинин областтагы координатору Маматжан Миянов кенен баяндама жасады.
Өткөн жыл ичинде облус боюнча калктын ден соолугун камкордукка алууда 427 медициналык мекемелер иш алып барышты. Жыл ичинде 161 дарыгерлер жумушка кабыл алынган болсо, 182 дарыгерлер ар кандай себептер менен жумуштан кеткен.
Энелер менен балдардын өлүмү азайбай жатат. Былтыркы жылы Аксы районунда 3 кош бойлуу энелер ооруканаларга жетпей каза болушкан.
2014-жылы облус боюнча 30255 наристелер төрөлүп, анын ичинен бир жашка чеийнки 585 наристелердин өлүмү катталган. Балдар өлүмүнүн көрсөткүчү 19,5ти түзгөн. 2013-жылы 520 жаш бала каза болгон. Энелердин өлүмү 14кө чыгып, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 46,7ни түзгөн. 2013-жылы 8 эненин өлүмү катталган. Бир жашка чейинки балдар менен энелердин өлүмүнүн негизги себептеринин бири кош бойлуу энелердин өз убагында каттоого турбагандыктары, тышкы миграция агымдары, ооруларын өтүштүрүп жиберүү менен дарыгерлерге кеч кайрылуулары болуп калууда.
Былтыркы жылы кургак учук оорусуна чалдыккандар 932 адамды түзгөн. Ал эми ВИЧ оорусу менен катталгандардын саны 80 адамга жетип, 2013-жылга салыштырмалуу 29 адамга көбөйгөн. Ошондой эле жугуштуу ичеги-карын оорулары, котур менен кызамык ооруларынын өсүшү байкалууда.
Кеңешме-жыйындын жүрүшүндө элдин ден соолугун камкордукка алууда калк арасында профилактикалык түшүндүрүү иштерин күчөтүү, дарыгерлер менен мээрбандардын жоопкерчилигин арттыруу боюнча ачык-айкын конструктивдүү сөз барды.
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Комментарий кошуу