Жаңы муундун паспорту 2016-жылдан баштап берилет
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы Жыргалбек Рыскулов: “Жаңы муундун паспорту 2016-жылдан баштап берилет”
Учурда республика боюнча жалпы өнөктүк жүрүп, жарандарыбыз биометрикалык маалыматтарын тапшырууда. “Каттоо жерине карабай, кайсы жер ыңгайлуу болсо, маалыматын тапшыра алышат. Паспорту жоктор эртерээк алып, маалыматын берип коюшса, өздөрүнө эле жеңил болот”,- деп белгилейт КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы Жыргалбек Рыскулов. Мына ушулар боюнча Жыргалбек мырзаны кепке тарттык:
– Жыргалбек мырза, өлкөбүздө жүрүп жаткан жалпы өнөктүккө жарандарыбыздын катышуусу кандай болууда?
– Кандайдыр бир топ ушул кампаниянын ишине тоскоол болуш үчүн жарандарыбызга интернет аркылуу туура эмес маалыматтарды таратканга аракет кылышты. Адамдардын ишенимине бүлүк салабыз деген кара пиар жүрдү. Бирок, ага карабай, элибиз негизинен мамлекеттик масштабдагы жүрүп жаткан ишке түшүнүү менен мамиле жасап, өнөктүккө активдүү катышууда.
Дүйнө жүзүндөгү өнүгүүлөрдөн артта калбай, сапырылган кагаз иштеринен арылуу максатындагы алгачкы кадамдар жасалып жатат. Мунун негизинде жарандарыбызга бир топ жеңилдиктер пайда болот. Эгерде, кандайдыр бир адам жөнүндө маалымат керек болсо, база аркылуу кирип качан туулуп, кайсы жерде жашагандыгын, никесин тактап алууга болот. Биринчиден, убакыт үнөмдөлөт, экинчиден, алынган маалымат боюнча тезирээк документтештирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
– Маалыматтар электрондук чипте сакталабы?
– Азырынча электрондук чипте эмес, электрондук базада сакталат. Ал базага тиешелүү адамдар гана кире алат. Учурда республика боюнча 1031608 миңден ашык жарандарыбыз биометрикалык маалыматтарын беришти. Ал эми Бишкек шаары боюнча 113 237 миңден ашты. Божомолдоо боюнча мынчалык болот деп ойлогон эмеспиз. Көп жерлерде кезек күтмөйлөр убакыт алып жаткандыктан, жарандарыбызга оңтойлуу шарттарды түзүп берүү максатында, маалымат топтоочу пункттарын көбөйтөбүз. Мобилдик топторубуз азыраак болуп, жетише албай жатабыз.
– Кээ бир адамдар бул нерсеге кайдыгер карап, биометрикалык маалыматтарын бербей коюшса эмне болот?
– Эң биринчиден, өздөрүнө өздөрү тоскоолдук жаратат. Алар жөнүндө маалымат базада жок болуп, көрүнгөн справкаларга чуркап, өздөрүнө эле кыйынчылык туулат. Ошондуктан, жарандарыбыз азыркы жеңилдиктен пайдаланып калышканы оң. Жарандардын биометрикалык маалымат тапшырууда көп деле убактысы кетпейт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетет элем, жарандарга кайсы жерде маалыматын тапшыруу ыңгайлуу болсо, ошол жерде каттоосуна карабай тапшыра берсе болот. Ал үчүн Бишкек шаарынын бардык райондорунда 49 стационардык жана 5 мобилдүү маалымат топтоо пункту иш алып барууда.
– Паспорту жоктор кантип тапшырышат?
– Тезирээк паспорт алып, 7-8 ай убакыттын ичинде биометрикалык маалыматын тапшырууга аракет кылышы керек. 2015-жылдын 31-июлуна чейин дагы убакыт бар. Паспорт бул нерсеге эле эмес, көп нерсеге кереги тиет эмеспи. Биз бул жагын да ойлонуштурганбыз. Тезирээк паспорт алуунун жолдору жөнүндөгү маалыматтарды интернет-сайттар аркылуу таратканбыз. Бүгүнкү күндө паспорт алуу абдан жеңил. Аны алуу үчүн болгону 3 документ керектелет. Андан сырткары, бизде ички миграция күчтүү эмеспи. Республикабыздын жер-жерлеринен келген жарандар үчүн жеңил болсун деген максатта, Бишкек шаарында Чолпон-Ата көчөсү №2”б” дарегинде региондор аралык паспорт столу ачылган. Даректүү бюродон катталуу тууралуу тастыктама кагазын алып, региондук паспорт столунан ID-картты 10 жана 20 иш күнүнүн ичинде жалпы жарандык паспортту алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.
– Биометрикалык маалыматты кабыл алган адистер тарабынан кандайдыр бир катачылыктар кетип калышы мүмкүнбү?
– Мүмкүн эмес. Себеби, алар кайра-кайра текшерип алышат. Андан кийин маалыматтар атайын сакталуучу аппаратка өткөрүлөт. Маалымат алып жатканда кандайдыр бир катачылыктар кетсе, адистер ошол учурда эле оңдоп коюшат да, сактоодон мурда кылдаттык менен текшеришет.
– Бул жол менен келерки жылдагы шайлоо таза өтөт деп ишенүүгө болобу?
– Улуттук өнөктүктө 3 этаптагы программалар каралат: чогултуу иштери, чогулган маалыматтарды кайрадан карап, кайталангандарын тазалоо жана аны кандай колдонуу керектиги жөнүндө айтылат.
Маалыматтар тапшырылып бүткөндөн кийин, такталган тизме Борбордук шайлоо комиссиясына берилет. Алар берилген тизме боюнча шайлоо өткөрөт. Атайын коюлган жабдуулардын негизинде, бир адамдын экинчи жолу добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт.
– Биометрикалык маалыматты тапшырган адамдар жаңы муундун паспортун качан ала алышат?
– Ал 2016-жылдан башталат. Аны ыкчам алууга эч ким мажбурлабайт. Жарандарыбыздын колундагы ID-карт менен жалпы жарандык паспорттор мөөнөтү аяктаганча колдонулат. Андан кийин гана жаңы муундун паспортун ала алышат.
– Мисалы, 2015-жылы биометрикалык паспорт менен киргизген чет өлкөгө барууга туура келип калсачы?
– Жаңы Орлеандык макулдашуу боюнча андай өлкөлөр 2016-жылга чейин кыргызстандык жарандардан биометрикалык паспортту талап кылбайт. Учурда жаңы паспортторду чыгаруу иштери жүрүп жатат. Ведомство аралык комиссия түзүү иштери каралууда. Аталган комиссия түзүлгөн соң, тендер жарыялоо маселеси каралат.
– Бармак издерин кыянаттык менен башка жарандарга колдонуп коюуга мүмкүнбү?
– Учурдан пайдаланып, жарандарыбызга кайрылып кетээр элем. Жарандардан ушундай суроолор бизге көбүрөөк түшүп жатат. Бармак издеринин сүрөтүн, коюлган колдор боюнча бир гана программа иштейт. Аны колдонуп коюуга мүмкүн эмес. Башка программа жок. Базага кирген маалыматтан эч ким колдоно албайт. Ал жерлер кайтарууда турат. Топтолгон маалыматтар интернет-сайттарга чыкпайт, бир гана компьютердик базада сакталат.
– Ушунун негизинде сырттан кирип, кылмыш иштерин кылган чет өлкөлүк жарандарды табууга болобу?
– Биздин өлкөгө сырттан башка фамилия менен кирип, чыгып жатканда аты-жөнүн өзгөртүп, башка киши болуп чыгып кеткендер көп эле кездешет. Так ушул жол менен андай фактыларга бөгөт коюлат. Эгерде ал адамдын паспорту биометрикалык паспорт болсо да, болбосо да киргенде, чыкканда манжа издери текшерилет. Аты-жөнү өзгөрүлсө да, манжа издери менен кармоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары, дагы бир артыкчылыгы, паспорт, айдоочу күбөлүгүн алып, же кыймылсыз мүлктү, унааларды документтештирип жатканда, бирдиктүү базадан маалыматтар алынып, эки жакка чуркап, кагаз чогултуу иштеринен арылабыз.
Бактыгүл КУЛАТАЕВА


Комментарий кошуу