Биз мейманкананы алып, аны сатып жана биздин киргизилген каражатты кайтарып алууга аракеттенебиз. Бул тууралуу кечээ, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда премьер-министр Жоомарт Оторбаев, депутат Чыныбай Турсунбековдун (КСДП) «Ак-Кеме» мейманканасы тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутаттын айтымында, бул маселе боюнча мудагы өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эмес.

Өкмөт башчысынын маалыматында, «Ак-Кеме» боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Алардын катарында иш жөнүндө жакшы маалыматтары бар Каржы министрлигинин өкүлдөрү дагы бар. «Маселе көп убакыттан бери талкууланып жатат. Биз Торонтого чейин бардык, бирок биздин акцияларды кармоого алышты»,- деп жооп берди ал.

Депутат Чыныбай Турсунбеков, «Эгер арызчы менен келишсеңер ал, КРдан каржы талап кылбай, мейманкананы алганга сүйүнмөк деп айтып жатышат. Мен ошондуктан сурап жатам»,- деп билдирди.

Ж.Оторбаев суроо Каржы министрлигине тиешелүү экендигин айтты.

«Эгер сүйлөшүүлөр жакшы жүрсө, алар макул болушмак»,- деди Турсунбеков.

Өкмөт башчы, мындай маалымат алган эместигин билдирди. «Түрк тарап өзүнүн саясатын жүргүздү. Экинчиден Сарымсаковдун өзүнүн саясаты бар. Абдырахман Мадакимович (А.Маматалиев, КРнын коопсуздук, тартип, жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри) комиссиянын башында иштейт. Эгер маалымат болсо айтыңыз», -деди Оторбаев.

А.Маматалиев өз кезегинде башында мейманкананын курулушу колдон колго өткөндүгүн, көп соттук процесстер болгондугун, бул эки ишкерден тышкары көп адамдар: түркиялык министрликтин өкүлдөрү, өкмөт башчылары катышкандыгын, мунун баары изилденип, такталгандыгын айтып, «Кимдир бирөөнү бир жактуу айыптоодон мурда, биздин аткаминерлердин жоопкерчилигин карап, укук коргоо органдары тарабынан иштер жүргүзүлүп жатат. Маселени акыры тынч жол менен чечүү үчүн бюджеттик каражаттардын аткарылыш варианттарын карап жатабыз»,- деди.

Ал, Турсунбековдун суроосуна жооп берип жатып өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.