Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей Жогорку Кеңеште ченемдик укук актыларынын жөнгө салуу таасирин талдоо (ЖСТТ) иштерин ыраатташтырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Анда “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”, “Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун концепциясы ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору үчүн милдеттүү талап катары “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдын 19-беренеси менен белгиленген жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүүнүн жол-жобосун тактоого, ошондой эле “КР Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүн экинчи абзацы менен каралган улуттук коопсуздуктун негиздерине ылайык келүүгө мыйзам долбоорлорунун экспертизасын жүргүзүү жөнүндө талапты алып салууга багытталган. Талкууда депутаттар Дамира Ниязалиева киргизилген түзөтүүлөр менен мыйзамдын маңызы толугу менен өзгөрүп жатканын белгилесе, депутат Назарали Арипов мындай түзөтүүлөр менен мыйзам татаалдаштырылып жатканын билдирди. Жөнгө салуу таасирин талдоо сунушталгандай, депутатка же анын жардамчыларына берүү туура эмес, аны атайын адистер бирдиктүү методика, бирдиктүү мамиле менен жасашы керектигине депутат Курманбек Осмонов токтолду. Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, Өкмөт тарабынан иштелип чыккан ЖСТТнын методикасы Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилерин жана ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда мамлекеттик органдар тарабынан колдонулууга жатаарын айтып, мында бирдиктүү мамиле болоорун жооптоду.

Бир катар кызуу талкуудан соң, депутаттардын берген жазуу жүзүндөгү сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.