комур1

Депутат Абдимуктар Маматов Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Сары-Таш карьериндеги абал тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер саатында” маалымат берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сары-Ташта 15тей фирма иштейт. Карьер өтө сарамжалсыз иштетилүүдө. Таштарды ирээти жок иштетүүдөн улам кокту-колоттун баары ташка толгон. Андан улам, жайыттар кыскарууда. Экологиялык абал көзөмөлсүз калган.

Мындай маалыматтарды айткан депутат экологияны коргоо жаатындагы органдарга тапшырма берүүнү Өкмөткө табыштады.

Ошону менен катар депутаттын айтымында, аталган фирмалардын оор жүк ташуучу автоунаалары жолдорду бузуп, андан улам жолго жакын үйлөрдөн жарака кетип, байма бай өткөн унаалардан чаң сапырылып, түшүмгө да таасир этүүдө. Жол боюндагы мектеп менен ФАПтар чаңга көмүлүп иш алпарууда.

А.Маматов жок дегенде калктуу пункттар жайгашкан аймактарга асфальт төшөө зарылдыгын баса белгиледи.