Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиевге Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды
Бүгүн, 2014-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Сыдыгалиев Нурбек Омурбековичке Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин ХХVI чакырылыштагы ХV III Cессиясынын №6/5 токтомунун негизинде Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.
Нарын шаарынын ардактуу атуулу наамы өз мекенине, эл жерине ак ниети менен кызмат кылып, өз ишин так аткарып, кызматында чоң иштерди аткарып, мыкты жетишкендиктерге ээ болгон инсандарга тапшырылат. Сыйлыкты Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Эрмек Турсуналиев жана Нарын шаардык кеңешинин Ата-Мекен фракциясынын депутаты Эрлан Аскаровдор келип тапшырышты. Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович, буга чейин Нарын облусунун Жумгал районунун “Ардактуу атуулу” наамын алган.


Комментарий кошуу