көлдүн окуучулары1- көлдүн окуучулары-

3-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Эркингүл Иманкожоева Жогорку Кеңешке экскурсияга келген Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьева айыл аймагына караштуу бир катар айылдардын мектеп окуучулары жана мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда эл өкүлү И.Карамушкина Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу, көзөмөл жана өкүлчүлүк иш-милдеттери тууралуу маалымат берсе, депутат Эркингүл Иманкожоева мыйзамдардын кабыл алыныш жол-жоболоруна кенен түшүндүрмө берди.

Мындан сырткары, депутаттар өлкө демократиялуу өнүгүү жолуна бет алгандыгын, баардык маселелер көчөдө эмес, парламент дубалдарында чечилиши керектигин, кандай гана демилгелер болбосун Башмыйзамды жетекчиликке алуу менен ишке ашырылышы зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жаатында суроолор, анын ичинде мугалимдердин эмгек акы маселелери боюнча суроолор берилди.

Өзү дагы буга чейин мугалимдик кесипти аркалаган депутат Ирина Карамушкина бүгүнкү күндө Өкмөт күч органдары менен коргоо мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатууга жетишкендигин, мугалимдердин маяналарын жогорулатуу боюнча маселени мамлекет башчысы Билим берүү, илим министрлигинин астына койгондугун, бул маселе Президенттин көзөмөлүндө боло турганын жооптоду.

Соңунда эл өкүлдөрү жаш муун өкүлдөрүн мекенчил болууга, ата-бабалардан калган урмат-сый көрсөтүү каада-салттарын сактоого жана ара тараптан өнүккөн жаштардын катарын толуктоо максатында баардык башталыштын пайдубалы болгон мектепти жакшы бүтүрүүгө чакырышты.

Жолугушуудан соң Ысык-Көл районунун мектеп окуучулары Жогорку Кеңештин имаратына экскурсиясын улантышты.