Ысык-Көл облусундагы АРИС долбоорунун координаторлору аймактагы жайыт комитеттеринин инфраструктурасын өнүктүрүү жагын колго алышмакчы
Ысык-Көл облусундагы АРИС долбоорунун координаторлору аймактагы жайыт комитеттеринин инфраструктурасын өнүктүрүү жагын колго алышмакчы. Бул тууралуу АРИСтин Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору боюнча эксперт-кеӊешчиси Иманбеков Тилек маалымдаган деп билдирет аймактык кабарчы Замир Асаналиев.
Анын маалыматында, облусттун айыл аймактарындагы жайыт комитеттеринин инфраструктурасын оӊдоого айыл чарба министрлиги жана АРИС аркылуу Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун каржылоосунда ар бир айылдык жайыт комитеттерине 15 миӊ доллардан акча бөлүү боюнча долбоорду ишке ашыруу болжолдонууда.
«Учурда бул долбоорду ишке ашырууда даярдык иштери жүрүүдө. Алгач жайыт комитеттеринде конкурс өткөрүлүп, долбоор даярдалат. Айылдык кеӊештерде жергиликтүү калктын түздөн –түз катышуусу менен айылдын көйгөйлөрү талкууга коюлуп приоритеттүү максаттар тандалып алынат. Анданкийин долбоордун катышуучуларын окутуудан өткөрөбүз.
Жайыт комитеттеринин инфраструктурасын оӊдоо маселелерине көпүрө салуу, жайытты туура пайдалануу, которуштуруп мал жайуу, чөптүн түшүмдүүлүгүн көтөрүү, чөптүн үрөндөрүн себүү, отоо чөптөрдөн тазалоо, мал сугаруу жагын камсыздоо, жасалма уруктандыруу, ветеринардык аптекаларды ачуу, малдын жугуштуу ооруларынын адамдарга жугуусуна бөгөт коюу жана башкалар кирет. Албетте, аталган долбоор айыл калкына камкордук жасоо, жакшы шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүүдө. Долбоор ишке ашса фермерлердин бир топ көйгөйлүү маселелери чечилип калат,-дейт эксперт- координатор.


Комментарий кошуу