Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен 2833 арыз түшкөн
2014-жылдын 14-ноябрында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган турак жайларды жана социалдык объекттерди Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.
Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2833 арыз түшкөн, 2833 турак үй жана 47 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 951 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 1362 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 284 турак үй жана 13 социалдык объект III даражада, 163 турак үй жана 1 социалдык объект IV даражада жабыр тарткан. Кошумча маалымат берилет.
Ош шаардык мэриясынын атынан Ысык–Көл облусуна жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам катары төмөнкү тамак-аш азыктарды жана курулуш материалдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3 даана оор жүк ташуучу автоунааларына толугу менен жүктөлдү, алар 2014-жылдын 25-ноябрында жолго чыгышат.
- Кумшекер – 1 тонна;
- Макарон – 2190 кг.;
- Май – 400 литр;
- Чай – 25 кап:
- Печенье – 167 коробка;
6. Кирпич – 8000 даана.


Комментарий кошуу