Улуу Памир, кичи Памирдеги боордоштор балдарын Кыргызстандан билим алуусуна көмөктөшүүнү өтүнүшүүдө
Бүгүн, 27-ноябрда Улуу Памир, кичи Памирдеги боордошторго экспедицияны Жаштар, эмгек, миграция министри Алиясбек Алымкулов менен кошо жетектеп барып келген Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров алыскы, шарты оор аймактагы боордоштордун ал-абалынан кабар берип, алардын аманаттары менен тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Депутаттын маалыматы боюнча Өкмөт тарабынан 3 миллион сомдук тамак-аш, керек-жарак буюм-тайымдар менен кошо бейөкмөт уюмдар тарабынан кийим-кече жеткирилген. Акыркы 2 жылдын ичинде паспорт менен камсыздоо сындуу бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, бир топ жылыштар бар. Бирок акыбалдары дале болсо да оор бойдон калууда.
Депутат М.Бакиров боордоштор балдарын Кыргызстанга алып келип, интернаттарда жайгаштырып, билим алуусун камсыздоо маселесин суранышкандыгын айтты. “Андыктан, парламенттин тармактык комитетине протоколдук тапшырма берүү керектигин билдирди депутат. “Келерки жылдары дагы ушундай экспедициялар уюштурулса, курулуш материалдарынан жардам берсек , себеби, алар медициналык пункт сындуу обьекттерди куруп алсак деген пландары бар экен”,- дейт М.Бакиров. Ошону менен катар мугалим, медицина кызматкерлерин жиберсе, 400 АКШ долларын төлөп берүүгө Ооган мамлекетинин мүмкүнчүлүгү бар экенин да кошумчалады.
Соңунда экспедициянын жүрүшүндө көмөк көрсөткөн бир катар мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.


Комментарий кошуу