Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов: “Жол азабынан акырындап арылабыз”
Былтыр, тагыраак айтканда 2014-жылы республикадагы дээрлик бардык аймактарда автожол магистралдарын куруу жана реабилитациялоо иштери кызуу жүрдү. Айрымдары бүтүп, колдонууга берилсе, кээ бирлеринде иш дагы уланууда. Өлкөдөгү авто жолдордун абалы жана жол куруу иштеринин жүрүшү тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов менен маек курдук.
-Калыкбек Иманалиевич, өткөн жылы коммуникациялар, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жаатында бир топ иштер аткарылды. Анын ичинде авто жолдорду куруу боюнча эл аралык долбоорлор ишке кирди. Арасынан эң ириси болгон “Түндүк-Түштүк” альтернативдик автомобиль жолун куруу башталганын айтсак болот. Азыркы тапта ал жолдун курулушу кайсы баскычта?
– Бул жолду буга чейин мааниси боюнча эле “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолу деп атап келгенбиз. Президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен жакындан баштап “Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолу” деп атай баштадык. Бул долбоордун мааниси терең. Буга чейин республикадагы бардык облустарды байланыштырып турган бир гана Бишкек-Ош жолу болсо, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолу ага альтернативдик жол болуп калмакчы.
Бишкек-Ош жолу 1966-жылы ошол учурдагы шарттарга, ошол кездеги унаалардын параметрлерине карата курулган. Жыл өткөн сайын унаалар көбөйүп, жолдун категориясы да талапка жооп бербей калды. Азыркы биз ашып жүргөн Төө-Ашуу тоннелинен эки чоң унаа карама-каршы жакты көздөй бир учурда жүрө албайт. Бир тарабын кое берип, экинчи тарабын кармап туруп өткөрүлүп жатат. Заманбап, бардык талаптарга жооп берген автоунаа жолун куруу демилгесин Президентибиз Алмазбек Атамбаев өзү көтөрүп чыкты. Бул жолду куруу жалпысынан 3 фазадан турат. Биринчи фазасына 2013-жылы Кытай Эксимбанкынан 400 миллион АКШ долларын алганбыз. 2014-жылы курулуш иштери башталды. Азыркы тапта 10-12% иш аткарылды. Негизги иш Жалал-Абад облусунун Сузак, Казарман райондорунда жана Нарын облусунун Жумгал районунун участокторунда кызуу уланууда. Быйыл Фергана тоо кыркалары аркылуу узундугу 3,7 чакырым болгон тоннелди тешүүгө киришебиз. Кыскасы, план-график боюнча 2017-жылдын аягында 1-фазаны толук бүтүп, колдон чыгарабыз деп турабыз. Ал эми жолдун 2-фазасы Казармандан Жумгалга чейинки аралык эсептелет. Жолдун бул бөлүгүнүн курулушуна Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы менен сүйлөшүп, 300 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат алууну макулдашкан. Бул сумманын кайсы бир бөлүгү жеңилдетилген кредит түрүндө, калганы грант түрүндө берилээри болжолдонууда. Каржы маселеси чечилээри менен 2-фазанын иши башталат.
– Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолу качан бүтөт?
– Альтернативдик жолдун 3-фазасы да бар. Ал Жумгалдын Кызыл-Жылдыз деген айылынан Балыкчыга чейин кошулат. Азыр бул жолдун курулушуна Азия өнүктүрүү банкынан каражат алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бир нече ирет жолугушуулар болду. Алар жалпысынан макулдугун беришти. Бирок, каражаттарды чечүүнү быйыл эмес, эмки жылы карап берүү боюнча убадаларын берип жатышат. Башкача айтканда, 2016-2017-жылы 3-фазанын каражаты чечилсе, жолдун толук бүтүшү, балким, 2019-жылга барып калышы мүмкүн. Ага чейин Жалал-Абад-Казарман, Казарман-Жумгал жолдору кошулса, Жумгал-Кочкор-Балыкчы жолу реабилитацияланат. Ошол жолдор аркылуу эл каттай берет. Түндүк менен Түштүктү бириктирүүчү альтернативдик жолдун 1-2-фазаларын эртерээк бүтүрүүгө бүт күчүбүздү жумшайбыз.
– Жол куруучу техникалар жетиштүүбү?
– Жолду куруу иши жол куруучу компанияга тапшырылаарда оболу эки тараптуу келишим түзүлөт. Анда иштин план-графиктери камтылган. Ошого жараша иш жүрүп жатат. Жол куруу талаасында жалпысынан 200-250 даана жол куруучу техника бар. Азырынча иш ыргагы өз нугунда жүрүп, мүчүлүштүктөр жокко эсе.
– Аталган жол Ош-Бишкек жолунан кыйла кыскараары айтылууда…
– Жаңы жол боюнча Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки аралык – 433 чакырым. Ал эми Бишкектен Жалал-Абадга чейин 570 чакырымды, Бишкектен Балыкчыга чейин 172 чакырымды түзөт да, Жалал-Абаддан Балыкчыга чейинки аралык 742 чакырым болуп жатат. Эсептесек, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолу Ош-Бишкек жолунан 310 чакырымга кыскарат. Ошондой эле Ош-Бишкек жолу 3-техникалык категориядагы жол болсо, жаңы унаа жолу 2-техникалык категорияга көтөрүлөт. Бул эки категория туурасы, эни, жазылыгы, жолдун сапаты, унааларга ылайыкташканы менен айырмаланат.
Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолунда ашуулар дээрлик жок, серпантиндер азыраак, деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте тоо кыркалары менен өткөн тоннель болот. Бүгүнкү биз өтүп жаткан Төө-Ашуу деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте орун алган. Айтайын дегеним, жаңы курулуп жаткан альтернативдүү жол Ош-Бишкек жолуна караганда убактысы боюнча тез, кыска, анан да параметрлери заман талабына жооп берген жол болмокчу. Бул коридор аркылуу өлкөбүздүн түштүк жана чыгыш облустарынын ортосундагы аралык гана кыскарбастан, жаңы товардык маршруттар ачылып, жол жээгине май куюучу бекет, дүкөн, чайкана-кафелер курулуп, инфраструктура өсөт. Калкка жаңы жумуш орундары түзүлөт, ички миграция башталат. Түндүк-Түштүк ортосунда мурдагыдан да байланыш арта баштайт. Бул биринчи кезекте элдин бөлүнүп-жарылуусуна бөгөт болуп, түндүк, түштүк көйгөйүнөн арылтса, экинчиден, элдин жашоо-турмушун оңдоого, ал аркылуу мамлекетибизди өнүктүрүүгө шарт түзөт. Президентибиздин максат, саясаты да ошондо.
– 2014-жылы республиканын көп аймактарында жол курулду, дагы бир катары реабилитацияланды, реконструкцияланды. Азыркы тапта мындай аракеттер уланып жатабы?
– 2013-жылы Кыргызстандын бюджетинен тышкары инвестициялык долбоорлор боюнча 5,5 миллиард сомго жол иштери аткарылган. Ички бюджеттен 2 миллиард сомго жол курулуштары жүрдү. Ал эми 2014-жылы республикалык бюджеттен 2,150 миллиард сом бөлүнүп, ички жолдорго жумшалды. Андан тышкары, инвестициялык долбоорлор боюнча жыл башында 7,4 миллиард сом каралган болсо, жыл аягында иш жүзүндө 11 миллиард 600 млн. сомго жол иштери аткарылды. Башкача айтканда, жылдан-жылга жолдорду куруу багытында көп иштерди жасоого көңүл бурулуп жатат.
Өткөн жылы инвестициялык долбоорлор боюнча республикада 96 чакырым жол асфальтталды, а ички булактардан каржыланып, 136 чакырым жолго асфальт бетон төшөлдү. Ушул эле жылы Ош-Гүлчө-Сарыташ-Исфана жолу жана Чоң-Алай өрөөнүндө Сарыташ-Карамык жолу толугу менен бүттү. Ош-Баткен-Исфана жолунун жалпы узундугу 360 чакырымды түзөт. Бул жолдун 108-123-чакырымдарын, башкача айтканда, Өзбекстан аркылуу өткөн жолду өз аймагыбыздан өткөрүп, Пүлгөн-Көк-Талаа автожолунун 14,7 чакырым болгон участогун жаңыдан куруп, толугу менен бүттүк. Андан тышкары, Ноокат ашуусу менен Оштун ортосуна 18 чакырым, Ош менен аэропорттун ортосуна 14 чакырым жаңы жол салдык. Жолдорду реконструкциялоо, реабилитациялоо иштери да өз нугунда жүрүүдө. Ушул күндө Баткен Исфана шаарларынын ортосунда 89 чакырым жолго реабилитациялык иштер жүрүп, 18 чакырымы бүтүп калды. 2015-16-жылдары Ош-Баткен-Исфананын ортосундагы жолдун курулушу улана берет. Ага кошумча Исфана шаарынан Тажикстандын чек арасына чейинки Исфана-Кайрагач жолун куруу үчүн Дүйнөлүк банктан 43 миллион АКШ доллары (7 миллион доллары гранттык түрдө, 38 миллиону жеңилдетилген насыя) каражат алганбыз. Быйыл ал жолдун курулушу башталат.
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун толугу менен бүттүк. Азыркы тапта жол жээктерин оңдоп-түздөө, белгилерди коюу иштери жүрүп жатат. Андан тышкары, Кочкорго бурулуп кеткен Кууакы-Балыкчы жолу быйыл туризмди өнүктүрүү максатында жолду оңдоо иши башталган. Эмки жылы бул аймакта 4 тилкелүү заманбап жол бүтөт. Үстүбүздөгү жылы дагы Долондон баштап Ат-Башынын кире беришине чейинки 93 чакырым жолду реабилитациялоо иштери улантылат. Ат-Башы жолуна Араб координациялык тобунан 66 миллион доллар жеңилдетилген кредит алганбыз. Курулуш башталган, ушул учурда иштин 10%ы бүтүп калды.
Дүйнөлүк банк Борбордук Азияда жол каттамдарын жакшыртуу боюнча программанын биринчи фазасынын алкагында курулуш иштерин каржылоого даяр. Бул макулдашуунун алкагында Ош, Баткен, Исфана шаарларын байланыштыруучу жолдордун бойлору жана ага жакын жерлер Баткен облусунда болжол менен 56 чакырым жол тилкесин куруу иштери каржыланат. Бул тилкелер Кыргызстанды коңшу мамлекеттер менен бириктирип, Исфана- КПП Кайрагач/Маданият (36,08 чакырым), Баткен-Төрткүл (14,30 чакырым) жана Баткен-КПП Кызыл-Бел/Гулистон (6,11 чакырым) автожолдорун камтыйт.
Быйыл Бишкек-Кара-Балта жолуна 4-6 тилкелүү жол түшөт. Негизи, ушул жол аркылуу көп унаа өтөт. Бишкек менен Сокулуктун ортосунда суткасына 55-56 миң, Сокулуктан Беловодскиге чейинки аралыктан 37 миңден кем эмес, Кара-Балтага чейин 16 миңдей унаа өтөт экен. Жол тар болгондуктан, мынча көп унаага туруштук бере албай, жол тыгындары, авариялык абалдар катталууда. Ошол себептен бул жолду кеңейтип, 9 чакырымын 6 тилкелүү, калганын 4 тилкелүү жол кылып оңдоп чыгуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар (35 миллин доллары грант түрүндө, 65 миллиону жеңилдетилген насыя) өлчөмүндө каражат алдык. Курулуш иши август-сентябрь айларында башталат. Кыскасы, былтыр 11 миллиард сомго жол иштери аткарылган болсо, быйылкы жылы андан да көп суммага, балким, 20 миллардга жакын каражатка жол иштери жүргүзүлүшү мүмкүн.
– 2014-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, Президент Алмазбек Атамбаев быйыл да жол тармагында бир топ иштер аткарылаарын айтты. Республикада дагы кайсы жолдорду куруу же оңдоп-түзөө зарылдыгы бар?
– Жыл сайын баш көтөрүп, жашоо-турмушту оңдоо үчүн оболу жолдорду тазалап, оңдоп-түздөп, жакшыртуу зарыл. Кудайга шүгүр, жол ремонтуна республикалык бюджеттен жетишээрлик каражат каралып жатат. Мурдагыдай таш, чаң жолдордон бара-бара арылып келатабыз. Республикадагы жолдорду көзөмөлдөө милдети биздин министрликке таандык болгондуктан, карта боюнча республикада канча район, шаар жана алардагы жолдордун саны канча болсо, кайсы район же шаарда асфальт, кайсыларында таш жолдор көп экенин карап, калыстык менен пропорционалдуу түрдө теңдеп бөлүштүрүп, анан ошол аймактагы жолду оңдоого киришебиз. Ички жолдорду оңдоо иштеринин баары өлкөнүн бюджетинен бөлүнгөн каражатка жасалат. Ал эми экономикалык мааниси бар эл аралык жолдорду оңдоо ири инвестициялардын эсебинен жүргүзүлүп келет. Жол тармагында келечекте дагы план-максаттар көп. Айрымдарынын долбоорлору даяр, каражат издештирилип жатат. Айтсам, Ысык-Көлдү айланта курчаган жолду реабилитациялоо долбоору ишке кирсе, өлкөбүздүн туризм тармагына салым болоор эле. Ошондой эле стратегиялык пландар да бар. Азыр Казакстанда Батыш-Кытай, Батыш-Европаны карай 8200 чакырым болгон чоң жол курулуп жатат. Ошол жолго транзиттик жол кылып кошуу максатыбыз бар. Мындан тышкары, Өзгөн-Кара-Кулжа, Ылай-Талаа-Гүлчө жолун куруу долбоорун ойлонуштуруп жатабыз.
– Жол курууда сапат жагы кандай көзөмөлдөнүп жатат?
– Ири жолдорду куруу боюнча эл аралык тендер жарыяланат. Ага бардык өлкөлөрдөн квалификациялык талаптарга жооп берген каалаган жол куруучу компания келип катыша алат. Тендердин тартиби боюнча андан утуп алган компания жол куруу милдетин аркалайт. Ал эми экинчи этапта консультант компания ошондой эле тендер, шарт менен тандалып алынат. Ал көзөмөлдөөчү компания. Аты айтып тургандай эле көзөмөлдөөчү компания куруучу компаниянын ишин көзөмөлгө алат. Курулуп жаткан жол стандарттарга, сапаты талапка жооп береби, ошонун баарын карайт. Буйрутма берүүчү тарап катары биз да көзөмөлдөөгө укуктуубуз.
Динар ТУРДУГУЛОВА


Комментарий кошуу