ТИМ: электрондук виза ишке кирет
2015-жылдын жаз айларынан тарта Кыргызстанда электрондук визаларды берүү күтүлүүдө. Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, чет элдик жарандар республиканын аймагына кирүү же өлкө аркылуу башка мамлекетке кете турган болсо, интернет аркылуу тиешелүү анкетаны толтуруп, виза төлөмүн жүргүзөт. Андан соң, виза берилгени тууралуу тастыктоочу маалыматты принтерден чыгарып алып, аны чек арада көрсөтөт. Электрондук визалар катталып, борборлорштурулган түрдө Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы тарабынан ишке ашат. Белгилей кетсек, декабрда электрондук визага төлөө маселесин тартипке келтирүү максатында өкмөт токтом кабыл алган.
“Бул тутум чет элдик жарандардын виза алуу процедурасын белгилүү деңгээлде жөнөкөйлөштүрүп, визаларды берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн кыскарышына алып келет. Ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга таасир этет” – деди Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз кызматынын жетекчиси Турдакун Сыдыков.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу