ун

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору 2-окуунун режиминде каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңешинин депутаттары Дамира Ниязалиева, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров, Талантбек Узакбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Карамат Орозова, Сайдулла Нышанов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

2-окуунун режиминдеги мыйзам долбоорун демилгечилердин бири, депутат Талантбек Узакбаев баяндама жасады.

Белгилүү болгондой, “Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75% дандан алынат. Ал эми данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементердин 80% улпакка чыгып кетет. Нан унун байытуу менен негизинен эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат. Ошентип, мыйзам долбоору жарандардын саламаттыгына кам көрүүгө багытталган.

Мыйзамдын долбоорунда унду байытуунун эрежелерин бузгандарды, байытылбаган унду саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик, муниципиалдык мекемелерге жеткирүү, байытылбаган унду сатып-өткөрүүгө жол бергендерди администрациялык жоопкерчиликке тартуу жагы каралган. Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.