текебаев1

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын 21-ноябрдагы жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн алгач лидерлеринин жеке аброюн түшүү керектигин айтты. Депутат ушул жол менен уюшкан кылмыштуу топтордун тамырын чапса болооруна ишенерин билдирди.

“Кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана лидерлери мамлекеттик чоң кызматтарга тааныштарын түртүп, эч кимди тоготпой жаштар, спортчулардын арасында авторитет болуп алган. Бул жаштардын аң сезимине башка түшүнүк берип жатат. 

Анан жаштар “булардан бардыгы коркот, чиновниктер алар менен бийликти тең бөлүшөт” деген ойдо болуп, ушул багытка аралашып кетишүүдө. Булар менен күрөшүү үчүн лидерлеринин жеке аброюн түшүрүп, каржы булактарын бууп салыш керек. 

Анткени, базарлардагы контейнерден 500-1000 сомдон салык алып келишет. Ал гана эмес, ар бир жарма саткандарга чейин салык салышат. Ушуларды токтотуп, катуу чараларды көрүү керек,- деди Текебаев.

Булак: super.kg