«Тазалык» Бишкектин жолдорундагы тайгалактарды жоюу менен түнү бою күрөштү, – Бишкек мэриясы
«Тазалык» муниципалдык ишканасы кумдарды чачып Бишкектин жолдорундагы тайгалактарды жоюу менен түнү бою күрөштү, деп билдирди Бишкек мэриясы.
Бул багыттагы жумуштар кечээ, 25-ноябрда саат 16:00дө башталып, бүгүн саат 7:30га чейин уланды.
«Шаардык кызматтын мобилдик топтору тарабынан 552 тонна кум жана 42 тонна туз чачышты. 18 кум чачуучу техника, 4 грейфердик жүктөгүч, тротуарларды тазалоо үчүн 5 трактор, ошондой эле «Тазалыктын» 32 жумушчусу тартылды», – деп билдиришти мэриядан.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу