Тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат
20-январда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Комитет жыйынына мыйзам долбоорун КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев алып чыкты.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактоо жана пайдалануу ошондой эле мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан. Мында археологиялык эстеликтерди коргоо чөлкөмүнүн чектеринде тарыхый-маданий мурас обьекттерин сактоого жана музейлештирүүгө байланышсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынаарын такталган. Ошондой эле тарыхый-маданий мурас обьекттерин издөө үчүн жеке жана юридикалык жактардын атайын техникалык куралдарды (металл издөөчү, металлдетектор, радарлар жана магниттик аспаптар) атайын уруксатсыз колдонуусуна тыюу салынаары жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартууга кирептер кылаары айтылган.
Талкууда депутат Роза Акназарова жогорудагыдай обьектердин чегинде эч кандай курулуш иштери жүргүзүлбөйт деп так көрсөтүп жазууну сунуш кылды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору концепциясы сунуш-пикирлерди эске алуу менен жактырылды деп маалымдайт Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу