Талас шаарын суу менен жабдуу сапатын жакшыртууга багытталган ратификациялык мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 24-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында «Бишкек шаарында 2014-жылдын 25-январында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитацилоо» долбоорун каржылоо жөнүндө насыялык макулдашууну жана «Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо долбооруна финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун инвестициялык фондунун (IFCA), Глобалдык экологиялык фонддун климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фондусунун (SCCF) инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын жана Талас шаарынын мэриясынын, «Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жана Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып 1-окууда жактырылды.
Ратификациялык мыйзам долбоорун КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бөрүбай Саматов алып чыкты.
Маалыматка ылайык, долбоордун максаты Талас шаарын суу менен жабдуу сапатын жакшыртууга багытталган. Долбоорду ишке ашырууга каралган насыя 15 жылга, 3 жылдык жеңилдетилген мезгил менен берилет. Пайыздык ставкасы – 1% евро. Мында гранттык каражаттардын жалпы суммасы 3,9 млн. еврону, насыянын суммасы – 2,0 млн.еврону түзөт.
Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов бул долбоорду ишке ашыруучуларды насыялык жана гранттык каражаттарга этияттык менен мамиле жасап, максаттуу пайдалануу менен иштин сапаттуу бүткөрүлүшүнө көңүл бурууга чакырды.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА

Комментарий кошуу