Талас шаардык кеңешинин вице-спикери Мира Сейдикеримова: “Шаарымдын келечеги үчүн салымымды кошо берем”
Сейдикеримова Мира Эсиркеповна 1977-жылы Талас шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Талас район-шаардык “Заман нуру” гезитинин редакциясында кабарчы болуп журналисттик эмгек жолун баштаган. Ушул эле гезитте экономика жана саясат бөлүмүнүн башчысы, башкы редактордун орун басары болуп иштеген.
“Заман нуру” гезитинин редакциясы жоюлуп, 2002-жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясы өзүнчө “Манас Ордо” газетасын уюштургандан баштап анын башкы редактору болуп ийгиликтүү иштеп келатат.
2007-жылы “Дабан-Кут калем” коомдук бирикмесин уюштуруп, “Дабан” эркин гезитин ачкан. Кыргыз улуттук “Кабар” агенттигинин, “Де факто”, “Плюрализм” эркин гезиттеринин Талас областы боюнча кабарчысы болуп иштеген. “Kloop.kg” сайтындагы жарандык журналистиканы негиздөөчүлөрдүн бири.
“Жарандар коррупцияга каршы” уюму менен өнөктөшүп, “Аялдарды саясый активдештирүү” программасын жайылтуу максатында, тренерлик багытта иштеп, Талас облусундагы аялдар кыймылын түзүүгө салым кошкон. 2012-жылдан бери “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук уюмунун директорлор кеңешинин мүчөсү. 2012-жылы Талас шаардык кеңешине депутаттыкка шайланган. 2013-жылы Талас шаардык кеңешинин вице-спикери болуп шайланган.
Журналисттик жана коомдук иштердеги ийгиликтери үчүн Талас областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, Дипломдору, “Талас областына 60 жыл” юбилейлик медалы, Кыргызстан аялдары конгрессинин Диплому, бир катар коомдук уюмдардын адам укугун коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, демократияны өнүктүрүү багытындагы “Ыраазылык” сертификаттарына ээ болгон. 2010-жылы 6-7-апрелдеги жалпы элдик ыңкылапта көрсөткөн каармандыгы жана аймакта акыйкаттуулукту орнотууга кошкон салымы үчүн Талас шаардык мэриясынын, “Айкөл Ала-Тоо” коомунун, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак Грамоталары менен сыйланган. Журналисттик жигердүү иши, маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КР Маданият жана маалымат министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисине ээ болгон.
2014-жылдын 12-ноябрында “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмесинин “Датка айым” медалы менен сыйланды.
– Мира Эсиркеповна, сыйлыгыңыз кут болсун! Бул сыйлыкка кандайча татыктуу болдуңуз, алгач ошол туурасында айтып берсеңиз?
– “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ар –Намыс” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаеванын демилгеси менен түзүлгөн. Бул коомдуку бирикме аялдардын коомдогу, мамлекеттик бийлик бутактарындагы ролун жогорулатууга колдоо көрсөтүү багытында иш алып барат. Быйылкы мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында жергиликтүү кеңештердин ишинде активдүүлүгү менен айырмаланышкан депутат айымдарга тапшырышты. Талас областынан беш айым “Датка айым” медалына ээ болдук. Бул сыйлыкка мен Талас шаардык кеңеши тарабынан сунушталдым. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, менин аздыр – көптүр эмгегимди баалашкан коллегаларыма ыраазычылыгымды айта кетмекчимин.
– Талас шаардык кеңешиндеги депутаттык иш-аракеттериңиз туурасында кеп салып берсеңиз.
-2013- жылы жергиликтүү бюджетке каражаттар эмне үчүн жетиштүү деңгээлде түшпөй жатканын аныктоо, муниципалдык жерлерди пайдалануу, андан түшкөн ижара акылары боюнча маселе көтөрүп чыгып, депутаттардан турган комиссия түзгөнбүз. Ал комиссиянын курамында СДПК фракциясынан Самара Жармамбетова, “Ата Мекен” фракциясынан Рамис Рыскулов, “Замандаш” фракциясынан Жеңиш Жуманов болушту. Депутаттык комиссия Талас шаарындагы “Байкөл” эс алуу жайы, “Баатырлар паркы” боюнча иш алып барып, жыйынтыгында “Байкөл” эс алуу жайы бюджетке 70 миң сомдон ашуун акча төктү. Ал эми “Баатырлар паркынын” иштешин жакшыртуу боюнча пландуу иштер аткарылды. Парк 12 лотко бөлүнүп, ижарага берилди. Учурда ижарачылардан жергиликтүү бюджетке каражат түшүүдө.
Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары ар кандай көйгөйлөр менен көп кайрылышат. Аларга жолугуп комиссияларды түзүп, баары болбосо да айрым маселелерди жеринде чечип берүүгө көмөктөштүм. “Ата Мекен” фракциясынын атынан 2014-жылы кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акция өткөрдүк. Түлөөгө арналган малдарды сойдуруп өтө муктаждарга чийкилей таратуу ишин колго алдык. Талас шаарындагы “Теңир колдо”, Көк-Ой айылындагы “Бекнур” балдар борборлорунун тарбиялануучуларына жакындан жардам көрсөтүп турабыз. Мындан тышкары үйүндө жаткан, ата-энесинен башка эч ким билбей, даректелбей калган, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүүнї уюштурдук. Талас шаарындагы “Теңир колдо” борборунун жетекчиси №5 мектептин отканасын пайдаланууга алып, оңдоп алам дегенде, бул мыйзам чегинде оңдолгону менен мектепке караштуу болоорун билип аталган борборго жер бөлүнүүсү керек деген демилгени көтөрүп чыккам. Учурда “Теңир колдого” жер бөлүнүп берилип, имарат куруу ишин колго алышты.
Зордук зомбулуксуз жашоо, аялдардын жана балдарды коргоонун 16 күндүгү боюнча облустук деңгээлде комиссия түзүлгөн. Бул комиссияда мүчөмүн. Акциянын алкагында зордук зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү ишин күчөтөбүз. Баса белгилей кетсем, учурда биздин жашообузда абдан жаман тенденция күч алды. Бул аялдардын зомбулукка көп кабылышы. Мисалга алсам, Талас шаарындагы Оторбаев көчөсїндөгї № 216 үйдүн домкому Салтанат Аликеева ушул эле үйдүн алдында бизнес жасаган адамдар тарабынан ур токмокко кабылып, натыйжада ооруканага жеткирилген. Бул келин ооруп жатканда күйөөсү Марлис телефон чалып бизге билдирди. Учурда бул келинге да жардам көрсөтүп жатабыз.
Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу


Комментарий кошуу