Төрага А.Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тон райондорунан келген жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Эркингүл Иманкожоева менен Талантбек Узакбаев катышышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Төрага сөзүнүн башында мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана өлкөдөгү парламенттик демократияны өнүктүрүүгө арналган мамлекеттик саясат, ошондой эле Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жаатындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Экономиканы өнүктүрүү маселесине токтолгон парламент жетекчиси энергетикалык коопсуздукту жана транспорттук-коммуникациялык көзкарандысыздыкты камсыздоого багытталган бир катар ири долбоорлорду белгиледи. «Биз өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн пайдубалын түптөп жатабыз. Энергетика тармагындагы бир катар долбоорлор өнөр жайды өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Инвесторлорду тартуу үчүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылышыбыз керек», – деди А.Жээнбеков.
Сөзүн андан ары улаган Төрага сот жана укук коргоо органдарын реформалоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, Кыргызстандагы диний саясатты жөнгө салууга байланышкан маселелерге токтолду. Бул маселелерди чечүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Төрага А.Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери бир күндүк маянасын Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга бөлүп берүү чечимин кабыл алганын эскертти.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттары ички унаа жолдорду оңдоо, сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, бала бакчалардын тартыштыгы, суу жана токой чарбасындагы жумушчулардын айлык акысын жогорулатуу сыяктуу бир катар маселелерди айтышты. Алар жер титирөөдөн жабыркаган Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы бир катар социалдык объектилерди калыбына келтирүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын суроолоруна энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, тиешелүү министрлик жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жооп беришти.



Комментарий кошуу