КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков Москва шаарына иш сапарынын алкагында 5-ноябрь күнү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга депутаттар Дамира Ниязалиева, Алмаз Баатырбеков жана Туратбек Мадылбеков катышты, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Төрага А.Жээнбеков Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, энергетикалык көзкарандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттүүлүктү бекемдөө багытында жүргүзүп жаткан саясатына токтолду. Ал чет өлкөлөрдө иштеп жана окуп жаткан мекендештердин Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча жалпы милдеттер менен максаттарды ишке ашырууга кошуп жаткан салымын белгиледи.

Жолугушууда эмгек миграциясы, билим берүү тармагына байланыштуу маселелер, жумушка орношуудагы тоскоолдуктар көтөрүлдү.

А.Жээнбеков Кыргызстандын Бажы бирлигине кириши жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу эмгек миграциясына байланыштуу көйгөйлөрдү чече турганын айтты.

Орус тилинде экзамен тапшырууда жаралган кыйынчылыктарга байланышкан суроого жооп узаткан А.Жээнбеков, өткөн айда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынын Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун Кыргызстанга жасаган расмий визитинде кыргызстандык жарандар үчүн орус тилинде экзамен тапшырууну жеңилдетүү жагын карап, аны Кыргызстанда жүргүзүүнү сунуштаганын маалымдады.

«Бул маселени РФнын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен болгон жолугушууда дагы талкууладык. Маселе оң жагына чечилип, Бишкекте орус тилинде экзамен тапшыруучу эки борбор иштейт. Сыртта эмгектенип жүргөн боордошторубуз үчүн жеткиликтүү шарт түзүү – мамлекеттин негизги милдеттеринин бири. Силер көтөргөн маселелердин бардыгына тийиштүү чара көрүлөт. Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун натыйжасында миграция жаатындагы маселелерди чечүү жеңилдеп, өлкөлөр ортосундагы экономикалык карым-катыш жакшырат», – деди төрага.

А.Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы ошондой эле Кыргызстандын РФдагы Элчиликке барып, дипломаттар менен пикир алышышты. Төрага эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоодо албан эмгек өтөгөнү үчүн Элчиликтин кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, аларды Кыргыз дипломатиясынын 70 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктады.

IMG_2955

IMG_2969

IMG_2961

IMG_2844

IMG_2872 Булак : Баракелде