милиц1

Кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракесинин урматына облустук ички иштер башкармасынын начальниги, милициянын полковниги Эмилбек САЛИЕВ россиялык сыйлыктарга татыктуу болду…

 Узак жылдардан бери жүрөк чакырыгы менен тандап алган кесибинде ар-намыстуу эмгек өтөп келе жаткан облустун башкы милиционерине Россия Федерациясынын «Улуттук коопсуздукту камсыздоодогу сиңирген эмгеги үчүн» жана россиялык ыкчам кызмат ардагерлеринин «Ар-Намыс» коомдук бирикмесинин «Ыкчам иликтөө чөйрөсүндөгү сиңирген эмгеги үчүн» ордендери салтанаттуу кырдаалда тапшырылды.

Сыйлыктарды россиялыктардын өтүнүчтөрү менен КР Чек ара кызматынын генерал-майору Р.Мусаев жана КР ЖК депутаты М.Сабиров тапшырды.

 Эгемберди САДАБАЕВ