Шашылыш эскертүү: кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт
2014-жылдын 27-ноябры саат 08:00гө карата республиканын аймагындагы кырдаал боюнча КР ӨКМнин билдирүүсү
2014-жылдын 26-ноябрынан 28-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек-Талас унаа жолунун 198-210-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл.
Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-Премьер-министрдин 2014-жылдын 20-ноябрында чыккан №21 буйругунун аткаруу мөөнөтү 2014-жылдын 28-ноябрына чейин узартылды.
Ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 25-ноябрында Мырза-Аке–Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда катуу кар жаагандыгына байланыштуу (кардын калыңдыгы 40 см), саат 18:30 чамасында унаа жолунун 45-130–чакырымдары, унаалар өтүүсүнө убактылуу жабылган.
ЖЭМ-26 тарабынан 2 жүктөгүч, 2 бульдозер, 1 Нива жана 6 жумушчу тартылып, 2014-жылдын 27-ноябрында саат 01:00 чамасында унаа жолу кардан толугу менен тазаланган.
Мындан сырткары 2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин–Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен атайын буйрукка чейин 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап кечки саат 18:00дөн эрте мененки саат 08:00гө чейин Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу жабылды.


Комментарий кошуу