кочкү1

2014-жылдын 5-декабрынан 8-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарыл.
Ошого байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы-Премьер-министрдин 2014-жылдын 2-декабрында чыккан №22 буйругунун аткаруу мөөнөтү 2014-жылдын 8-декабрына чейин узартылды.

Чүй облусу
Жайыл районунда 2014-жылдын 7-декабры күнүсаат 15:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында болжол менен көлөмү 1000м3 кар көчкү унаа жолго түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.Кар көчкүнү тазалоогоЖЭМ-9дан 1 даана жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, унаа жол каттамы саат 21:30да толугу менен тазаланып, ачылган.
2014-жылдын 7-декабры күнү саат 15:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында болжол менен көлөмү 1000м3 кар көчкү унаа жолго түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.Кар көчкүнү тазалоогоЖЭМ-9 тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол каттамы саат 21:30да толугу менен тазаланып, ачылган.

Жалал-Абад облусу
Чаткал районунда 2014-жылдын 7-декабры күнү саат 15:40 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 88-чакырымындагы Кыз-Булак чегинде болжол менен 500м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. ЖЭМ-27ден 1 даана бульдозер тазалоо иштерине тартылып, саат 17:30да унаа жолу толук ачылган.

Тогуз-Торо районунда 2014-жылдын 7-декабры күнү саат 18:30 чамасында Казарман-Нарын унаа жолунун 45-47-чакырымында болжол менен 800м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. ЖЭМ-18ден 1 даана бульдозор жана 1 жүктөгүч тазалоо иштерине тартылып, саат 22:20да унаа жолу толугу менен тазаланып, ачылган.

Ош облусу
Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу атайын буйрук чыкканга чейин чектөө киргизилген.

Ысык-Көл облусу
Жабыр тарткан турак жай жана социалдык объекттер боюнча келтирилген чыгымдарды иликтөө иштеринин 2-этабы жарандык коргонуу комиссия мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жатат.