2014-жылдын 3-5-декабрында Кыргызстанда мезгил-мезгили менен  кар жаап, айрым жерлерде катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

4-6-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12° суук, күндүз 1…6° суук, түштүк райондордо түнкүсүн 0…5° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13° суук, күндүз 2…7° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн 17…22° суук, күндүз 8…13° суук, бийик  тоолуу райондордо түнкүсүн 22…27° суук, күндүз  10…15° суук болушу күтүлөт.

Мындай аба-ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоо, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

непогода