Шабдан баатырдын 175 жылдык маарекесине Жогорку Кеӊештин депутаттары катышты
Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндө өткөн тарыхый инсан –Шабдан баатырдын 175 жылдык мааракесине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары катышты.
Мааракелик иш-чарада вице-спикер А. Сасыкбаева сөз сүйлөп, XIX кылымдын аягында X кылымдын башында кыргыз улутунун биримдигин сактоодо Шабдан баатырдын эмгеги кыргыз тарыхында өчпөс из болуп жазылып калган тарыхый мурас экендигине токтолуп, “Бул инсандын 175 жылдык маарекесинин Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында өтүп жаткандыгы да өзүнчө тарыхый окуя. Анткени, Шабдан атабыз да кыргыз улутунун бүтүндүгү үчүн орус бийлиги менен тынчтык, түшүнүүчүлүк менен мамиле курууга жетишкен”-деди А.Сасыкбаева.
Ал эми Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, “Шабдан баатыр” тарыхый романынын автору Каныбек Иманалиев “Эгерде өткөн кылымдын 16- жылында Шабдан атабыз бар болгондо “үркүн” апааты болмок эмес. Анткени, ал өзүнүн дипломатиялык иш билгилиги менен кыргыз элин орус падышачылыгынын аскеринен арачалап калмак. Кыргыз эли кыргынга учурамак эмес,- деп, Шабдан баатырдын эл аралык мамиледеги кадыр-баркы жогорку баага татыктуу экендигин баса белгиледи.
Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы байма-бай айтылган Шабдан баатырдын 175 жылдык маарекеси улуттук ат оюндары менен коштолду.
Мааракелик иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары Эсенгул Исаков, Карганбек Самаков, Нуржан Бадыкеева, Майрамгүл Тиленчиева, Элмира Жумалиева, Бакыт Шаршеев, Бахадыр Сулайманов катышты деп билдирди Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы





Комментарий кошуу