Сөз эркиндигине кол салуу
Париж шаарында болуп өткөн каргашалуу окуядан кийин Франциянын башка шаарларында жана коңшу өлкөлөрдө 7-январдан баштап миңдеген адамдар журналисттерге тилектештигин билдирип, сөз эркиндигинин символу катары колдоруна калемсап кармап көчөгө чыгышты: кечээ Тулуза шаарында 15 миң, Лиондо 15 миң, Берлинде миңдей адам, Европанын башка мамлекеттеринде да аларга тилектештер арбыды.
“Charlie Hebdo” сатиралык журналынын редакциясы жыйналыш өткөрүп жаткан учурда имарат беткап кийген адамдар тарабынан аткылоого алынган. Аталган журнал 2006-жылдын февралында даниялык басылмада жарык көргөн Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүн басып чыгаргандан кийин эл аралык деңгээлде таанылган. Ал сүрөттөр мусулман дүйнөсүндө чоң нааразылык жаратып, авторуна бир нече жолу кол салуу аракети болгон. 2012-жылдын сентябрында журнал Мухаммед пайгамбардын жылаңач тартылган азил сүрөттөрүн жарыялаган. Ал эми теракттын алдында, журналдын Твиттер жана Фэйсбуктагы баракчаларында “Ислам мамлекети” уюмунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин тамашалуу сүрөттөрү чыккан.
12 киши шейит болуп, 10 киши жараат алган бул террордук чабуулга шектүү деп 18 жаштагы Хамид Мурад кармалды. Ал Париждин жанындагы Реймс шаарчасынан алыс эмес жерден колго түшүрүлгөн. Ал бир туугандар – Шериф жана Саид менен бирге редакциянын кеңсесине кирип барып, автоматтан ок чыгарганы айтылууда.
Сымбат Максутова


Комментарий кошуу