Өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукумдары үчүн селекциялык жетишкендикке өзгөчө укуктун күчү 20 жылдан 25 жылга узартылууда
Жогорку Кеӊештин бүгүн, 4-декабрында өтүп жаткан жыйынында Кыргызстандын Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу мыйзам долбоорлору кароонун алкагында “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору2-окууда каралды. Мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин мүчөсү Талантбек Узакбаев алып чыкты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Долбоор өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык конвенцияга, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган.
Буга ылайык, 1998-жылдын 13-июнундагы “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамдын жоболорун өсүмдүктөрдүн сорттору жана жаныбарлардын тукумдары үчүн селекциялык жетишкендикке өзгөчө укуктун күчү 25 жылдан кем болбогон мөөнөт каралган ЕАЭБ жөнүндө келишимге карата №26 тиркеменин Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо жана сактоо жөнүндө протоколдун 33-пунктуна ылайык келтирүү максатында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы чыккан. Ал эми аракеттеги мыйзамдын 17-статьясында өсүмдүктөрдүн сортторуна патенттин күчүнүн мөөнөтүн Корголуучу селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде өтүнмө берилген селекциялык жетишкендик катталган датадан тартып 20 жылды түзөт.
Ошондой эле Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасыКожобекРыспаевалып чыккан “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынынэнергетика тармагындагы ченемдик укуктук актыларын Бажы бирлиги менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндигинин, Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүүгө багытталган.
Кыргызстандын Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу мыйзам долбоорлору кароонун алкагындагы “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.


Комментарий кошуу