Премьер Ж.Оторбаев Н.Касымбаевди ички иштер министринин биринчи орун басары кылып дайындоо тууралуу буйрукка кол койду
Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин бүгүн, 17-ноябрдагы буйругу менен ички иштер министринин биринчи орун басары болуп Касымбаев Нурбай Адиевич дайындалды.
Министрдин жаңы орун басарын жамаатка вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев тааныштырды.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Н.Касымбаев буга чейин КР ИИМдин кадр боюнча башкы башкармалыгын жетектеп келген.
А.Маматалиев министрдин орун басары кызматына киришкен Н.Касымбековго укук тартибин жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу