Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Кризис болмоюнча реформаларга жол ачылбайт”
“Өткөн жыл өлкөбүздүн экономикасы үчүн оңой болгон жок. Кургакчылык, дүйнөлүк экономикадагы жана энергетика тармагыбыздагы кризистер, рублдин кунарсызданышы жана башка бир катар жагдайлар өз залакасын тийгизди. Бирок, кризис болмоюнча жаңы реформаларга жол ачылбайт. Экономикалык терең кризистерди алдын алуу максатында 2014-жылы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу маселесин чечтик”.
20-январда Өкмөттүн 2014-жылдагы ишмердиги жана 2015-жылга пландары тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн атайын жыйын өткөргөн Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ушундай пикирин билдирди жана журналисттерди кызыктырган башка суроолорго да жооп кайтарды.
Өкмөт валюталык рынокто атаандаштыкты колдойт
Өкмөт өлкөбүздүн валюталык рыногун 20 банктын ээлеп алышын каалабайт. Атаандаштык болушу керек. Албетте, акча алмаштыруучу жайлардын бир тобунда лицензия албай иштөө сыяктуу тартип бузуулар бар. Бул тармакты тартипке салуу – Улуттук банктын милдети. Ал эми аларды жабуу керекпи же жокпу, бул маселени парламент чечет. Эгер акча алмаштыруучулар элге сапаттуу кызмат көрсөтүп жатышса жабуунун кандай зарылдыгы бар?
Экономиканы өнүктүрүү эки багытта жүзөгө ашырылат
2015-жылы өлкөбүздө экономиканын өнүгүшү Өкмөттүн кепилдиги менен келүүчү инвестициялардын эсебинен камсыздалат. Жакынкы үч жылга Өкмөт эки багыт боюнча реалдуу программаларды аныктаган.
Азыр ар тармактар боюнча иштешели деген инвесторлор арбын. Аларга Өкмөттүн кепилдиги зарыл. Экинчи багытында Бишкек ТЭЦин жана ТЭЦ-2ни реконструкциялоо, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчүн, “Камбар-Ата-1” ГЭСин, Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын жана башкаларды куруу сыяктуу энергодолбоорлорду жүзөгө ашыруу каралган. Учурда Түндүк-Түштүк, Нарын—Торугарт автожолдору курулууда, быйыл “Манас аэропортунан Бишкек шаарына чейинки жол калыбына келтирилет.
Туруктуулукту сактоо – башкы милдет
Батыш өлкөлөрүндө биздин тоо-кен тармагыбызга гана кызыгуу бар. Азырынча негизги инвесторлорубуз – Кытай, Орусия жана Казакстан сыяктуу жакынкы кошуна мамлекеттер.
Албетте, биз бардык эле өлкөлөрдөн инвестиция келсе деп ойлойбуз. Былтыр Кыргызстанга келген 4 миллион чет өлкөлүктөрдүн 175 миңи алыскы чет мамлекеттердин жарандары болду. Бул жакшы көрсөткүч – өлкөбүзгө кызыгуу өсүп жаткандыгынын далили. Учурдагы милдет – коноктордун жана инвесторлордун коопсуздугу үчүн туруктуулукту сактап калуу.
Кендерге аукцион өткөрүү экономикага 400 млн. сом алып келди
2014-жылы кен байлыктарды иштетүүгө лицензия берүү боюнча сынактарды жана аукциондорду өткөрүүдөн экономикабызга 400 миллион сом түштү. Буга чейин мындай болгон эмес. Тоо-кен тармагында иштөөнүн жаңы принциптери киргизилүүдө – Мамгеология агенттиги аукциондорду кен чыккан аймактарда өткөрө баштады. Мындай ыкма жергиликтүү калк менен экология жана башка маселелерди бирге талкуулап, туура чечим кабыл алууга шарт түзөт. Чоң же чакан долбоор экендигине карабастан бардык аймактар үчүн бирдиктүү саясат жүргүзүлөт.
Мыйзамга ылайык иштөө керек
Укуктук мамлекетте жашагандан кийин мыйзамга ылайык иштөө талап кылынат. Мен юристтер менен макулдашмайынча бир дагы документке кол койбойм. Бул жалпыны кызыктырган “Ак-Кеме” мейманканасы үчүн акча которуу маселесине да тиешелүү.
Каржы министрлиги “Центеррадагы” Кыргызстандын акцияларын барымтадан бошотуу максатында “Кыргызалтын” аркылуу түркиялык “Sistem Muhendislik” компаниясынын эскроу-эсебине $6 млн. бюджеттик каражатты которгон. Өкмөттүн бул чечими мыйзамга каршы келбейт.
Алгачкы кадамдар чоң мааниге ээ
Кыргыз-орусиялык өнүктүрүү фондуна тиешелүү 100 млн. долларлык алгачкы транш Улуттук банктын казынасындагы эсепке келип түштү. Фонд иштеп баштагыча анын уставын бекитип жана башка бир катар уюштуруу маселелерин чечүү зарыл. Анын директорлор кеңеши 5 кишиден турган эки тараптын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Фонддун тезирээк иштеп кеткени экономикабыздын өнүгүшү үчүн маанилүү. Каражаттар экономиканын тобокелдиги аз, кайтарымдуу долбоорлоруна, алардын ичинде экспортко ылайыкташкан өндүрүштөргө жумшалат. Каражаттардын туура пайдаланылаарына коомчулукту жана Орусия Федерациясын ынандыруу үчүн алгачкы кадамдарыбыз абдан кылдат болушу керек.
Жакында кыргыз-кытай инвестициялык фонду түзүлөт. Ал эми кыргыз-казак инвестициялык фондун түзүү боюнча иштер улантылууда.
Мамлекеттик кызматка Саляновадай принциптүү инсандар керек
Өткөн жылы 7 министр кызматтан кетти. Башкы прокурордун отставкасы трагедиялуу же экстраординардуу окуя эмес. Ошентсе да, Аида Салянованын тажрыйбасы мамлекеттик кызмат үчүн абдан керек. Мындай адамдан кол үзүүгө болбойт.
Өзү тууралуу
Отставкага кетүү жөнүндө арыз жазган эмес. Ал эми саясаттагы келечегин парламенттик шайлоолорго жакын аныктайт.


Комментарий кошуу