Оштун аркасы

Кечээ, Ош шаардык кеңешинин кезексиз 25-жыйыны болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, коомдук жараандын өкүлдөрү катышты. Сессиянын күн тартиби боюнча негизинен Ош шаарынын бюджетин 2015-жылга карата бекитүү, 2016-2017-жылдарга карата болжолун, калаанын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн бекитүү маселеси каралды.

Жыйында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров быйылкы жылдын бюджети 2014-жылга салыштырмалуу бир топ өскөндүгүн белгиледи.

“2014-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 787 млн 70 миң сомду түзсө, 2015-жылы 930 млн 663 миң сомго көтөрүлдү. Салык эмес кирешелерден 59 млн 400 миң сом, атайын каражаттардан 100 млн 296 миң сом, салык кирешелерден 770 млн 967 миң сом чогулат. Ал эми чогултулган каражаттарды эфективдүү пайдалануу үчүн бир топ ишканаларды кыскартууга чейин бардык”, – деди З. Аскаров.

Жыйында депутаттар стратегиялык курулуштарды куруу жагына да көңүл буруу керектигин сунушташты. Курулуштарга негизинен каражаттар жергиликтүү бюджеттен эмес, инвестиция тартуу жолу аркылуу ишке ашырылаарын шаар мэри билдирди.

“Ош шаарында 2014-жыл жемиштүү жылдардан болуп, бир топ эл аралык спартакиадалар болду. Бирок бизде олимпиадалык деңгээлде талаптарга жооп бере турган спроттук жайлар аз. Ошондуктан чоң спорт сарай куруу үчүн Иран мамлекетинен 1 млн $ инвестиция тартуу маселеси каралып, Жогорку Кеңештен ратификация болгон. Бирок, ал мамлекетке санкция киргизилгендигине байланыштуу бизге акча которулбай турат. Бул маселе жакын арада чечилип калат деген үмүттөбүз. Ош шаардык мэриясы болсо спорт сарайын куруу үчүн жерди бөлүп, бардык документтерин даярдап койгон”,- деди А. Кадырбаев.

Жыйынтыгында бир канча алымча кошумчасы менен Ош шаарынын 2015-жылга карата бюджетин жергиликтүү эл өкүлдөрү бир добуштан колдоп беришти.

Гулжамал ЖОРОЕВА, Ош