океан1

Америкалык окумуштуулар дүйнөлүк океандагы суунун деңгээли мурдагыга карганда күчтүү темп менен көбөйүп баратканына маани берүүдө. Nature журналына жарыяланган иликтөөдө, 1990-жылдан бери океандар менен деңиздердеги суунун дңгээли 2,5 эсеге көтөрүлгөн. Бул соңку 90 жылдагы биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш катары айтылып жатат.Окумуштуулар мындай көрүнүштүн себептерин Гренландиядагы жана Батыш Антарктидадагы антропогендик факторлордон улам муздардын бат ээрип жатышынан издесе болот деп айтууда.Иликтөөчүлөрдүн божомолуна караганда келечегинде муздардын ээриши жана океандардын деңгээлинин жогорулашы мында да активдешет.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА